​Депутат Иманалиев мурдагы саламаттык сактоо министрин жоопко тартууну сунуштады

  • 4 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты тармактык комитеттердин биргелешкен жыйынында депутат Каныбек Иманалев мурдагы саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевди жоопко тартууну сунуштады.

Анын айтымында, Кемин районундагы коронавируска шектелген жарандардын анализи бир айдан бери чыкпай жатканын айтып, өкмөт өкүлдөрүнө суроо салды.

“Менин айылымдан 15-мартта 79 киши тапшырган, бир айдан бери үчөө гана жыйынтыгын алды. Эгер мындай ыргак менен кетсеңер сиздер айтып жаткан 7000 контакттагы адамдын диагнозун алыш үчүн 22-жылга чейин кетип калат экенсинер. Айылда карантин деген жок, учураша берет. Өзүңөр жетишпесенер, жеке менчик диагностикалык борборлор жардамга келмейин 22 дарыгер менен жетише албайбыз”, – деди депутат.

Өкмөт өкүлдөрүнүн ырастоосунда алгач реагенттер жок болгондуктан анализдер тоңдурулуп, кечиктирилген. Учурда күнүмдүк анализдер күн сайын чыгарылууда.

“25 миңдей анализдин баарын чыгарып бүттүк. Башында реагенттер жок болгондуктан ушундай маселе болуп, анализдерди алуу созулуп кеткен. 79 кишиники бир айга созулушу мүмкүн эмес. Эгер оору аныкталса, токтоосуз барып айтылат. Аларга айтылбаганынын себеби да бар. Биринчи жолу тест алганда чыкпай, экинчи жолу алганда аныкталып калып жатат. Күнүнө 1400 анализ чыгарып жатабыз”,деди биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов.

Ушул жагдайдан улам депутат Каныбек Иманалиев мурунку саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге иш козгоп, аскер прокуратурасына өткөрүп берүүнү талап кылды.

Кыргызстанда 14-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктурган 11 жаӊы учур катталып, бардыгы 430 га жетти. Анын ичинен 79у медицина кызматкери.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты