​Кыргызстандыктар врачтарды колдоп, кол топтоп жатышат

  • 4 года мурун

Кыргызстандын жарандары врачтарды колдоо максатында change.org. сайтында петицияга кол коюп жатышат.

Анда өлкөдөгү пандемияга каршы күрөштө саламаттык сактоо министрлиги, ИИМ, УКМК жана финансы министрлиги медицина кызматкерлерине карата мыйзамдарды жана Конституция ченемдерин одоно бузгандыгы белгиленет.

Кыргызстандыктар пандемияга бөлүнгөн гранттык жана кредиттик каражаттарды бөлүштүрүүдө ачык-айындыкты талап кылып, бөлүштүрүүгө жарандык секторду, көз каранды эмес ЖМКны катыштырууга жана мамлекеттик органдардын Негизги мыйзамын бузуусун прокуратура тарабынан текшерилишин талап кылууда.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана медицина кызматкерлеринин ксаламаттыгын оргоо кодексин иштеп чыгууну карашы керек. “Саламаттык сактоо жагындагы укуктук-ченемдик актылар жакшыртууну талап кылат, мыйзамдарды ишке ашыруу механизми жок” деп айтылат анда.

Бул петицияга бүгүнкү күндө 450 киши кол койду, анын ичинде 79 медицина кызматкери бар.

13-апрелге карата COVID-19 вирусун 16 медицина кызматкери жуктурган. COVID 19 диагнозу тастыкталган медицина кызматкерлеринин жалпы саны – 79 болгон.

13-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктурган 42 жаӊы учур катталып, бардыгы 419 га жетти. .

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты