​Нурболот Үсөнбаев: “Чогуу жүрдү дегендер арасында ооругандар жок”

  • 4 года мурун

Социалдык тармакта бир унаага жыкжыйма кылып медицина кызматкерлерин жумушка алып баруу көрүнүшү сындалган. Буга саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев жооп берди:

-Саламаттык сактоо кызматкерлиринин атайын буйругу чыккан, ар бир биздин мекеме дежурство ( нөөмөт-ред.) уюштурат. Иштеген кызматкерлердин алып кетип-кайра алып барып турган маршруттарынан өйдө бекитилип, иштер жүрүп жатат. Мындан тышкары жардам катары келген чоң-чоң компаниялар да маршруттук микро автобустарды берип, ар бир мекеме-уюмга бекитип койгонбуз.Аларды маршруттар менен үйлөрүнө жеткирип жатат.

Чогуу жүрдү дегенде, көзөмөл жүргүзүлүп турат, ал жерде ооруган адамдар жок. Баары тең, эгерде карантинге же изоляцияга туш болсо, алар өзүнчө шарт менен жеткирип же карантинге коёбуз. Жанагындай барып-келип жаткандар биздин ден соолугу чың, коронавируска теиешси жок, өз ишин штаттык түрдө жасап жаткан адамдар.

Социалдык тармакта биз Оштон же Жалал-Абаддан кетирип жаткан учурларды тартып, кээде көрсөтүп кююп жатышат. Ал жерде жол шартын билесиздер, болбосо, бирден-экиден самолет менен деле кетирмекпиз. Бүгүнкү күндө “маршруткаларда” 4-5 ден жөнөтөбуз, -деди саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболо Үсөнбаев.

Буг чейин «Фейсбук» социалдык тармагында дарыгерлерди топтоштуруп, унаага салып жатышканы тууралуу сын айтылган.

Өткөн сутка ичинде, 13-апрелге карата COVID-19 вирусун 16 медицина кызматкери жуктурган. COVID 19 диагнозу тастыкталган медицина кызматкерлеринин жалпы саны – 79 га жетти.

13-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктурган 42 жаӊы учур катталып, жалпы саны 419 болду.

Өкмөт Коопсуздук кеӊешинин сунушуна ылайык, 22-марттан баштап өлкө аймагына өзгөчө кырдаал режимин киргизген.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Өзгөчө абал режими 15-апрелге чейин деп белгиленген. Бирок кечээ күнү КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев акыркы жуктурган адамды аныктамайынча карантинди токтото албайбыз деп билдирген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты