​Коронавирустан 13 бейтап айыгып чыкты

  • 4 года мурун

Кыргызстанда өткөн сутка ичинде буга чейин COVID-19 диагнозу тастыкталган 13 бейтап айыгып чыкты.

Алар Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасынан чыгарылды. Алардын кайрадан жасалган анализдери таза чыккан.

Жалпы өлкө боюнча коронавирустан айыккан 67 бейтап ооруканадан чыгарылды.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйынында билдирди.

13-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктурган 42 жаӊы учур катталып, жалпы саны 419 болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты