​Талас облустук ооруканасына өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат берилди

  • 4 года мурун

«Альянс Алтын» ЖЧК акционерлери тарабынан бөлүнгөн 16 млн сомдун алкагында коронавируска каршы күрөшүүгө жана профилактика жүргүзүүгө Талас облустук бириккен ооруканасына өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараты жеткирилди.

Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу жана ажйылышына каршы көрүшүү боюнча штаб кабарлады.

Аталган аппарат COVID -19 инфекциясына чалдыккан бейтаптардын өмүрүн сактап калууда маанилүү. Дүйнө жүзү боюнча бул аппаратка суроо-талаптар көп болгондугуна байланыштуу аппараттын жетишсиздиги байкалууда.

Белгилеп кетсек, бул «Алтын Альянс» компаниясынын регион үчүн биринчи жардамы эмес. Буга чейин коронавирустун чыгышына жол бербөө максатында Таласта азык-түлүк жана медициналык каражаттар түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүлүп, аймакты дезинфекциялоо боюнча бир катар иш-чаралар жүргүзүлгөн.

11-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 вирусун жуктуруунун 41 жаӊы учуру катталды. Коронавируска чалдыккандардын саны 339га жетти. Талас облусуунда коронавирус учуру каттала элек.

Сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты