​Паскаль Лоро: Франция – Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн идеалдуу өнөктөш

Франция өкмөтүнүн Борбор Азия өлкөлөрү менен экономикалык мамилелер боюнча атайын өкүлү Паскаль Лоро CABAR.asia аналитикалык порталына берген маегинде Борбордук Азия өлкөлөрүнүн Франция үчүн стратегиялык ролу, кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары, ошондой эле кайсы өлкөлөр менен жигердүү өнүгө тургандыгын жана анын себептери жөнүндө айтып берди.

CABAR.asia: Сиз Франция үчүн Борбордук Азия өлкөлөрүнүн стратегиялык ролун кандай деп эсептейсиз? Тескерисинче: Франциянын Орто Азиядагы ролу боюнча стратегиялык көзкараш барбы?

Паскаль Лоро: Борбордук Азия Франция үчүн өтө маанилүү стратегиялык аймак. Албетте, бул жердеги саясий кырдаалды география шарттайт: түндүктөгү чоң коңшубуз — Россия, ал эми Чыгышта — Кытай. Бул бүгүнкү күндө консолидацияланган чөлкөм, бул жерде табигый жана адам ресурстары топтолгон, ал жерде өнөр жай жана туристтик потенциалы абдан жакшы. Дүйнөлүк деңгээлдеги компанияларга ээ болгон жана дүйнөлүк идеялардын жүрүшүнө сөзсүз түрдө таасир этүүгө аракет кылган Франция, албетте, жергиликтүү ишканалар менен өнөктөштүккө кириши керек. Эң жогорку мамлекеттик деңгээлдеги — Франциянын Президенти Макрон мырза жана Франциянын өкмөтү – Борбордук Азия менен экономикалык мамилелерибизди өнүктүрүү үчүн каалоосу чоң жана бекем ниети бар. Биз ушул аймактын экономикалык өнүгүүсүнө жардам берүүнү өз милдетибиз деп эсептейбиз. Биз башка өлкөлөргө кандай жардам берсек, бул жакта дагы ошол ишибизди аткарабыз. Баса, белгилей кетчү нерсе, биз кызматташкан көз карандысыз мамлекеттин ички саясий турмушуна кийлигишпейбиз. Бул жагынан алганда, Франция идеалдуу өнөктөш: биз ички саясат жагынан толук бейтараппыз, бирок биз сиздердин өлкөлөр үчүн көп нерсе жасай алабыз. Ошондуктан Франция сиздин аймактын лидерлеринин алдында эки чоң жакшы нерсеге ээ. Биринчиси, жогорку технологиялар жаатында чоң жетишкендиктерибиз бар жана биз бул тажрыйбаны аймактагы өлкөлөр менен бөлүшүүгө даярбыз. Экинчиси — кээ бир коңшулардан айырмаланып, биз мамлекеттин ички иштерине кийлигишпейбиз, көз карандысыздыгын сыйлайбыз жана жөн гана сиздердин өтүнүчтөрүңүздөргө жооп берип, муктаждыктарыңыздарды канааттандырууга аракет кылабыз.

— Франция бул аймакта кайсы мамлекет менен активдүү кызматташат жана эмне үчүн?

— Борбордук Азия — Франция республикасы үчүн жалпы кызыкчылык жараткан аймак. Бирок биз Борбордук Азияда региондун экономикалык өнүгүүсүнүн локомотиви болгон өлкө бар экендигин, ал жерде эң чоң экономикалык жана адамдык потенциалы топтолгон өлкө — бул Казакстан экендигин моюнга алышыбыз керек. Эскерте кетейин, Франция 10 жыл мурун Казакстан менен стратегиялык өнөктөштүккө жетишкен Европадагы биринчи мамлекет болуп саналат. Франция Казакстан Республикасынын эгемендүүлүк жылдарында казак экономикасына инвестиция берүү жагынан үчүнчү өлкө болуп саналат. Ошол эле учурда Франция Казакстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн бири.

— Франциянын регион менен кызматташуусунун негизги артыкчылыктуу багыттары кайсылар?

— Франциянын Борбордук Азия аймагындагы өнөктөштөрүнө бере турган алдыңкы тажрыйбалары көп. Бирок, албетте, бул жерде керектүү муктаждыктарды жана ошол эле учурда биздин мүмкүнчүлүктөрдү чагылдырган артыкчылыктуу багыттар бар. Алардын катарында бир нече тармактар камтылган. Биринчиси, «акылдуу шаар» деп аталат. Буга суу менен камсыз кылуу, таштандыларды жок кылуу, энергияны үнөмдөө, энергияны сарамжалдуу пайдалануу ж.б. кирет. Экинчи сектор — санариптик технологиялар, экономиканы аларга өткөрүү. Франциянын бул жаатта бай тажрыйбасы бар жана дүйнөдөгү эң алдыңкы өлкө. Үчүнчү секторду биз агробизнес деп атайбыз. Бул айыл чарбасы гана эмес, тамак-аш өнөр жайы дагы. Франция дүйнөдөгү эң ири айыл чарба өндүрүүчүлөрдүн бири болуп саналат. Бул жерде, сиздин региондо көп ресурстар бар, бирок аларды туура уюштуруш керек. Бизде айыл чарба продукцияларын ички рынокко гана эмес, эл аралык рынокторго чыгаруу үчүн дагы өндүрүштү өнүктүрүүгө жардам берүү мүмкүнчүлүгү бар.

Мындан тышкары, энергетика тармагы. Франция Казакстандын Каспий аймагындагы мунай жана газ тармагын иштетүүгө, ал эми түштүгүндө — уран өндүрүүгө катышат. Дагы бир приоритеттүү тармак — бул транспортко байланышкан бардык маселелер: транспорт, технология, логистика. Казакстан менен биргеликте биз спутниктер, локомотивдер, тик учактар жана радарларды чыгарууну өнүктүрүп жатабыз.

Француз бажыларынын маалыматтарына таянсак, 2018-жылы француз-казак соодасынын көлөмү 14,1% га төмөндөгөн.

Франциянын Казакстандан импорту 2018-жылы 16,1%га төмөндөп, 3 млрд еврону түзгөн.

Тескерисинче, Франциянын Казакстандан келген экспорту 2018-жылы 8,3% га көбөйүп, 345,7 миллион еврого жеткен.

— Сиз негизинен Казакстан жөнүндө айтып жатасыз. Орто Азиянын башка мамлекеттери жөнүндө эмне айтууга болот?

— Региондо чет өлкөлүк инвесторлор үчүн жаңы эле ачыла баштаган дагы бир маанилүү өлкө бар, бул — Өзбекстан.

Учурда француз ишканалары ал жерде бир топ келишимдерге кол коюшуп, абдан жакшы орунду ээлешүүдө.

— Франциянын Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан менен экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү планы барбы?

— Бүгүн Франциянын Казакстан менен стратегиялык өнөктөштүгү бар. Биз региондогу башка төрт мамлекет менен стратегиялык өнөктөштүк түзүүнү пландаганыбыз жок.Франциянын тышкы саясаты, биринчи кезекте, өздөрүн кандайча алып жүрүшүнө жана француз компаниялары кандай стратегияны иштеп чыгарына, алар үчүн кандай мүмкүнчүлүктөр бар жана кандай мүмкүнчүлүктөр ачылат, ушуга байланыштуу. Мен айткандай, азыр көптөгөн француз компаниялары Өзбекстанга келип жатат, күчтүү позицияларды ээлеп жатышат, анткени, бул региондун экинчи экономикасы жана калкынын саны боюнча бул жерде биринчи өлкө.

Башка өлкөлөрдө — Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстанда баары башкача. Бул өлкөлөр кыйла кичинекей болгондуктан, алардын базарлары кыйла тар жана алардын каржылык мүмкүнчүлүктөрү чектелүү. Бирок, ошентсе да, француз компаниялары дагы бул мамлекеттердин базарларына кирүүгө болушунча аракет кылышат.

Биздин стратегиялык мамилебиз бирдей: биз мамлекеттерге алардын муктаждыктарына, өзүбүздүн мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша жардам берүүнү караштырып жатабыз.

— Казакстан менен жигердүү өнүгүп жаткан кызматташуунун өзгөчөлүктөрүнө жана 2019-жылы Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен түзүлгөн келишимдерге таянсак, Франция аймактагы мунай-газ тармагына көбүрөөк кызыкдар деп жыйынтык чыгарууга болот. Бул багытта алдыга койгон максаттар жана кызыкчылыктар барбы?

— Мен бул тыянакка макул эмесмин. Бизде мунай, газ тармагы менен гана иштейт деген мамиле жок. Тескерисинче, бул жеке компаниялардын стратегиясы. Бул чөйрөдөгү кызматташуу жигердүү жүрүп жаткандыгын белгилеп кетем, анткени, менимче, энергетика тармагы сиздердин мамлекеттин экономикасындагы эл аралык атаандаштыкка чыгып, эл аралык инвестицияларга ачык болуп калган бирден-бир тармак болуп саналат. Мындан тышкары, бул жөн гана эл аралык коомчулук менен кызматташуу башталган учурдагы кырдаалды чагылдырат: энергетикалык ресурстар бар болчу жана бул өлкөлөрдүн өкмөттөрү бул тармакта өндүрүштү өнүктүрүүнү каалашкан. Биз, француздар, экономиканы диверсификациялоо жаатында жардам берүүнү каалайбыз. Ошентип, силер энергетикалык ресурстар менен гана эмес, экономиканын башка тармактарында да өндүрүштү өнүктүрүшүңүздөр керек. Бул силерге макроэкономика жагынан да, калкты иш менен камсыз кылуу жагынан да, жумушка орношуу жагынан дагы жакшы болот.

— Франциянын аймактагы эң маанилүү долбоорлорун атап берсеңиз

— Өзбекстанда суу менен камсыз кылуу, сууну тазалоо, таштандыларды иштетүү жаатында бир топ француз компаниялары иштейт. Ошондой эле туризм жаатында. Азыр бир катар француз компаниялары Ташкенттин жанындагы Бостанлык туристтик аймагын өнүктүрүп жатышат, жакында ал Борбор Азия аймагындагы эң ири лыжа базасы болот. Учурда Өзбекстанда Total Eren компаниясы кубаттуулугу чоң 100 МВт болгон фотоэлектр станциясын ишке ашырып жатат.

Казакстанда көптөгөн маанилүү долбоорлор бар, биринчи кезекте энергетика, транспорт, туризм жана агроөнөржай жаатында. Алардын арасында дүйнөлүк деңгээлдеги IT адистерин даярдоо үчүн программалоо мектептерин түзүү долбоору да бар.

— Францияда Казакстан менен жигердүү кызматташуу өнүгүп жатат, бул жерде чет элдик капиталды инвестициялоо үчүн жагымдуу шарттар түзүлүп жатат дегенди билдиреби?

— Казакстан Борбор Азиядагы беш мамлекеттин ичинен биринчи болуп эл аралык кызматташтыкка жол ачты. Казакстандагы бизнес-климат алгылыктуу, бирок, албетте, аны дагы жакшыртууга болот.

— Тактап кетсеңиз?

— Мисалы, салык чөйрөсүндө — ишканаларга эки эсе салык салуу болбойт. Чет өлкөлүк инвесторлор жана чет өлкөлүк компаниялар үчүн Казакстандагы инвестициялык климатты жана ишкердик климатты жакшыртуу максатында, Казакстан менен Европа Биримдигинин ортосунда инвестициялык кызматташуу үчүн диалог аянтчасы түзүлгөн. Анын жоболорунун бири тендер өткөрүүдө ачык-айкындуулуктун зарылдыгы болгон. Көз карандысыз сот адилеттигин камсыз кылуу дагы өтө маанилүү. Эгерде француз компанияларынын же инвесторлордун жергиликтүү компаниялар менен келишпестиги жаралса, анда акыйкат жана көз карандысыз сот болушу керек. Франция ошондой эле Казакстандын коррупцияга каршы түзүмдөрү менен биргеликте коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык мыкты жолдорун, тажрыйбаларын киргизүү үчүн иштейт.

— Франция менен соода-экономикалык мамилелерди түзүүдө дагы кандай көйгөйлөр бар?

—Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн, рынокту тышкы өнөктөштөргө гана эмес, мамлекеттердин өзүнө дагы ачык кылуу керек деп ойлойм. Эгер сиз жалпы регионалдык рынокту түзө алсаңыз, анда чет элдик инвесторлор үчүн күчтүү жана жагымдуу болосуз. Андан кийинки ийгиликтүү кызматташуунун жолдорун табуу милдети француз бийлигинин жана сиздин өлкөнүн бийлигинин, ишканалардын өздөрүндө.

— Сиз бул кызматка былтыр жазда дайындалдыңыз. Бул кыска убакыт, сиздин оюңуз боюнча, Орто Азиянын Франция үчүн стратегиялык маанисине негизделген жаңы позициянын пайда болушу канчалык натыйжалуу болду?

— Өзүңдүн жумушуңуздун натыйжаларын өзүң баалоо дайыма кыйын. Айтайын дегеним, менин ролум — элчиликтерибиздин, экономикалык бөлүмдөрүбүздүн аймакта жасап жаткан иштерин колдоо жана эң жогорку деңгээлде байланыш түзүүгө жардам берүү. Жалпысынан, кыска мөөнөттүн ичинде көптөгөн көйгөйлүү жана талаштуу маселелер чечилди, кээ бир чечилбей жаткан жагдайлар ордунан жылды. Бирок көп нерсе биздин ишканаларга байланыштуу, алар жеке жана менчик. Алар дагы региондогу мамлекеттер үчүн пайдалуу боло турган жакшы сунуштарды берүүгө аракет кылышы керек.

Лаура Копжасарова

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты