​Кыргызстандагы эмгек рыногуна гендердик көз караш

Гендердик теңсиздикти жоюу Кыргызстан үчүн актуалдуу маселе бойдон калууда.Бул көйгөйдүн алкагы кеңири жана эмгек рыногуна дагы тиешелүү.

Бул макаланын түп нускасы Cabar.asia аналитикалык порталында жарык көргөн.

Анын келечеги англис тили менен байланыштуу экендигин Назгүл бала кезинен эле билген. Анын апасы мектепте ушул предметтен мугалим болчу жана аны кызына кубануу менен өткөрүп берген.

Назгүл 11-классты аяктагандан кийин ушул багытта жогорку билим алып, эл аралык уюмда иштейм деген кыялына жетүү үчүн чет тилдер факультетине тапшырды. Ал жакта эмгек акы жакшы жана жумуш кызыктуу болуп, саякаттап, дүйнөнү көрүүгө мүмкүнчүлүк болот.

Гуманитардык адистиктер – Кыргызстандын абитуриенттеринин арасында анча популярдуу эмес. Аны тандагандардын арасында эркек балдарга карагандакыздар көп. Билим берүү менен байланышкан кесиптерди ар бир төртүнчү абитуриент кыз тандап алат. Кыргызстанда педагогикалык адистиктерди “аялдардыкы” деп койсо болот. Бул факультеттерде окуган он студенттин тогузу кыздар. Андан кийинки орунда кызмат көрсөтүү, экономика, табигый илимдер жана менеджмент турат.

Эркектерге ылайыктуу факультеттер – айыл чарба, техникалык, дисциплина аралык илимдер жана юриспруденция.

Кыргызстандын вице-премьер министри болуп турган кезде Алтынай Өмүрбекова кыздар арасында гуманитардык багытка болгон мындай эңкейиш акыркы 30 жылдагы тенденция болуп саналарын билдирген.

“Буга эмне таасир этти? Аялдардын инженердик көндүмдөрүн колдоно турган фабрика, заводдор, өндүрүштүк кубаттуулук жок болду. Эмгек рыногу өзү эмнени жана кимди тандаарын аныктады. Техникалык адистиктерге кызыгуу акыркы 5-10 жылдан бери байкала баштады. Бизде энергетиктердин, кенчилердин, жөнөкөй сөз менен айтканда — техниктердин жетишсиздиги көп эле болду”, — дейт Өмүрбекова.

Анын айтымында, азыр өкмөт билим берүү стратегиясынын жаңы концепциясын иштеп чыгууда, анын приоритети болуп STEM-билим берүү саналат (Science, technology, engineering, and mathematics – илим, технология, инженерия жана математика). Мектептин окуу пландары табигый илимдерге багытталат.

Теңсиз жумуш

Азыр Назгүл Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттерине англис тилинен сабак берет. Жогорку эмгек акы төлөнүүчү жумушка баруу жана саякаттоо пландарына башка турмуштук жагдайлар аралашты. Акыркы курста турмушка чыгып, карьерасы экинчи планга өттү.

«Бала төрөлгөндөн кийин мага биздин кафедрадан иштөө сунушу келди. Башында жумуш жүгү аз болчу, ал мага ылайыктуу эле. Себеби үй-бүлөмө көбүрөөк көңүл бура алмакмын. Эки жылдан кийин штатка кабыл алышты. Жүктүн көбөйгөнүнө карабастан, менин бала тарбиялоого жана үй жумуштарын жасоого убактым жетиштүү», – дейт ал.

Кыргызстанда көпчүлүк үй-бүлө жана бала төрөө аялдар үчүн артыкчылыктуу деп эсептешет. Ошондуктан гендердик эксперт Анара Ниязованын айтымында, кыздар менен эркек балдардын жеке тандоолорунан жана келечектеги пландарынан тышкары, кесип тандоого таасир эткен дагы башка факторлор бар.

«Коом эркектерге жана аялдарга басым көрсөтөт. Эркек акча табышы керек, эркек — үй-бүлөнүн башчысы. Аялдар үчүн мансап да, акча табуу да анын жашоо стратегиясынын негизги фактору эмес”, — дейт Ниязова.

Кыргызстандык кыздар орточо эсеп менен 23 жашында, университетти аяктагандан эки жылдан кийин турмушка чыгат жана биринчи баласын төрөйт. Эркек орто эсеп менен төрт жылдан кийин үйлөнөт. Эмгек кодексине ылайык, энелер гана эмес, аталар да декреттик өргүүгө чыгууга укуктуу экендигине карабастан, бала багуу аялдарга гана жүктөлөт.

Жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн арасында эркектерге караганда кыздар көбүрөөк — алар 57%ды түзөт. Аялдар менен эркектердин жумуш менен камсыз болуусу, тескерисинче. 2018-жылы Кыргызстанда 15 жаштан ашкан 2,5 миллион экономикалык активдүү адам бар болгон. Алардын көпчүлүгүн эркектер — 61% түзгөн.

Анара Ниязованын айтымында, эмгек рыногундагы аялдар менен эркектердин теңсиздиги жаш келиндердин кесиптик ишинен “төмөндөп” кетиши менен түшүндүрүлөт.

«Эмгек ишмердүүлүгүнүн учурунда аялдарга репродуктивдик салыкты төлөөгө, башкача айтканда, төрөөгө убакыт керек болот. Бизде балага жана үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнө, мисалы, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жана кары-картаңдарга кам көрүү адатта аялдарга жүктөлөт”, — дейт эксперт.

Кыргыз аялдары эмгек рыногунан бир нече жолу чыгат. 2018-жылы бир аялга орто эсеп менен үч бала туура келген, бул көрсөткүч 2010-жылдан бери өсүп келе жатат. Мындан тышкары, Ниязованын айтымында, айрым үй-бүлөлөрдө эркектер аялдардын орду үйдө деп эсептешип, аялдарга иштөөгө тыюу салышат.

Мындан тышкары, расмий статистика чыныгы картинаны чагылдырбайт, анткени, алар көмүскө эмгек рыногун эске алышпайт. Анара Ниязованын айтымында, ал жакта иштегендердин көпчүлүгү аялдар.

«Аялдар эмгек келишимдери жок иштөөгө макул болушат, демек, социалдык төлөмдөрсүз иштешет, анткени расмий эмгек рыногунда, сунуштар көп эмес, бул биринчиден. Экинчиден, суранууга көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр бар, анткени эч ким аялдын өргүүгө байланыштуу ролун жокко чыгарган жок. Бул камкордук экономикасы деп аталат”, — дейт эксперт.

Кыргызстандын маданий ченемдери жана каада-салттарынан улам күнүмдүк жүк аялдардын мойнуна түшөт деп божомолдоого болот. Алар үй-бүлө мүчөлөрүнө жана үй чарбасына кам көрүү үчүн күнүнө орточо 4,5 саат коротушат, ал эми айыл жеринде эки саат көбүрөөк. Эркектер күнүмдүк жашоого күнүнө бир сааттан ашык убакыт, ал эми айыл жеринде шаардыктарга караганда 30 мүнөткө көп жумшашат.

Ошондой эле, статистика боюнча, эркектер расмий жумушка көбүрөөк убакыт бөлүшөт — шаарда күнүнө болжол менен 7 саат, айыл жеринде 5 саат. Ал эми аялдар — күнүнө 6 жана 3,5 саат бөлүшөт.

Бирок, расмий жумуш менен үй жумушун кошкондо аялдар эркектерге караганда 1,5 эсе көп иштешет.

Аялдардын жумушу (эмес)?

Назгүл иштеген билим берүү тармагы Кыргызстанда “аялдардыкы” деп эсептелет. Ошондой эле риэлтордук ишмердүүлүк жана саламаттыкты сактоо дагы.

Кыргызстандын медициналык факультеттеринде эки жыныстагы студенттердин бирдей болгондугуна карабастан, 10 дарыгердин сегизи аялдар. Эркектер менен аялдар бирдей кызмат көрсөтүү, искусство, илим жана соода тармагында иштешет.

Тигил же бул багыттагы эң чоң кыйшаюулар — социалдык жана техникалык чөйрөлөрдө.

Ал эми энергетика, курулуш, кен казуу жана транспорт тармагында 10 кызматкердин бири гана аял.

Расмий статистика боюнча, Кыргызстандагы эң кирешелүү кесиптердин тизмесин финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу, маалымат жана байланыш, ошондой эле энергетика жана тоо-кен тармагы ээлейт.

Финансылык ортомчулукта гендердик ажырым анчалык деле чоң эмес, бул тармакта 59% эркектер болсо, 41% аялдар. Маалымат жана байланыш чөйрөсүндө ажырым чоң, ал жакта 63% эркекке 37% аял туура келет.

Тоо-кен жана энергетиканы толугу менен «эркектердин» кесиби деп атоого болот. Бул тармактагы 10 кызматкердин бирөөсү гана аял.

Баарынан маданият кызматкерлери эң төмөнкү киреше табышат. Бул тармакта иштеген аялдар дагы, эркектер дагы болжолу менен — 122 доллар алышат. Саламаттыкты сактоо жана билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысы 150 доллардын тегерегинде.

«Мамлекеттик университетте окутуучулардын маянасы аз. Албетте, мен алганэмгек акыма нааразымын, эгер жолдошум жетиштүү акча таппаса, ата-энем жардам бербесе, мен кантмекмин билбейм”, — дейт Назгүл.

Тигил же бул иш чөйрөлөрүндө эркектер менен аялдардын бирдейлигине карабастан, Кыргызстанда 2018-жылы экинчисине эмгек акы дээрлик 30% төмөн төлөнгөн. Орточо эмгек акы айына235 долларды түзгөн. Айлык акынын эң аз айырмасы Ысык-Көл облусунда — дээрлик 13% түзгөн. Жалал-Абад облусунда аялдар эркектер тапкан акчанын 60% гана табышкан. Бишкек шаарында аялдардын эмгек акысы эркектердин эмгегинин 76% түздү.

Андан тышкары, Кыргызстанда «зыяндуу жана (же) коркунучтуу эмгек шарттары» менен байланыштуу аялдарга тыюу салынган жумуштардын расмий тизмеси бар.

Мурунку вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын айтымында, ал дискриминациялуу, ошондуктан өкмөт учурда аны кайра карап чыгуунун үстүндө иштеп жатат.

Ошол эле учурда, Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги аркылуу аялдарга иштөө кыйынга турган “сунушталган кесиптер” жөнүндө документти бергибиз келет. Бирок оор шартта иштей турган кесиптерге эң көп маяна төлөнөт.

“Эгерде аялдар фрезеровщик боло алам же тоо-кен адисинин ишин жасай алам дешсе, анда аларга тоскоол жок, алдыга гана дейбиз”, — дейт Өмүрбекова.

Малика Баязова, Эркина Асанбаева

Сүрөт: Клооп медианыкы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты