​Жээнбеков ТМКК онлайн- жыйынында мигранттарга жардам берүүнү өтүндү

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-апрелде, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) видеоконференция форматындагы кезексиз жыйынында коронавирус инфекциясынын жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүүдө күч-аракеттерди бириктирүү боюнча бир катар сунуштарды киргизди.

Мамлекет башчы чек аралардын жабылышы элди жана дарыгерлерди медициналык коргонуучу каражаттар менен камсыздоого өз залакасын тийгизгендигин билдирди.

«Чек арадагы чектөөлөр мамлекеттин социалдык милдеттенмелерин өз убагында аткаруу үчүн кыйынчылыктарды жаратууда. Болжол менен биздин бюджеттин киреше бөлүгү бул илдеттин кесепеттеринен 20 пайызга азайышы мүмкүн.

Ушуга байланыштуу, гуманитардык жүктөрдү жеткирүүдө, калкты күнүмдүк зарыл товарлар, дары-дармектер жана медициналык жабдыктар менен камсыз кылууда чек араларда тоскоолдуктарды азайтууну сунуштайм.

Азык-түлүк коопсуздугуна кирген товарлардын тизмеси менен алмашып, анын негизинде Түрк кеңешинин товарларынын бирдиктүү реестрин иштеп чыгуу зарыл. Жүк ташуучу транспорттордун чек аралар аркылуу өтүүсү жана жаралган көйгөйлөр боюнча ыкчам маалыматтар менен алмашуу алгоритмин бекитүү керек», — деп баса белгиледи Президент.

Сооронбай Жээнбеков уюмга мүчө мамлекеттеринин арасында жогоруда аталган товарларды экспорттоодо бааны төмөндөтүү, аларды жеткирүүдөгү административдик жана бажылык алымдарды жеңилдетүү механимздерин иштеп чыгуу керектигин белгиледи.

Ошону менен бирге Түрк кеңешинин катчылыгына бирдиктүү онлайн платформа түзүү тапшырмасын берүү туура экенин айтты.

Мындан сырткары, азыркы күндө кеңешке мүчө өлкөлөрдүн көптөгөн жарандары коронавируска тиешелүү киргизилген чектөөлөрдөн улам өз мекендерине кайта албай, башка өлкөлөрдө калгандыгын кошумчалады.

«Уюмга мүчө мамлекеттерде эмгектенип жүргөн биздин көптөгөн жарандарыбыз бул илдеттин кесепеттеринен улам жумушун жоготуу коркунучу астында турат. Ушуга байланыштуу, сиздерге оор абалда калган Кыргыз Республикасынын жарандарына ар тараптуу көмөк көрсөтүп, миграциялык жеңилдиктерди берүүнү суранам. Өз кезегинде, Кыргызстан өзүнүн аймагында жардамга муктаж мүчө мамлекеттердин жарандарына колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирем», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты