Өкмөттө экономиканы колдоо иш-чараларынын экинчи пакети даярдалууда

  • 4 года мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев экономикалык ишмердүүлүктү калыбына келтирүү маселеси боюнча кеңешме өткөрүп, ишкерликти колдоонун кошумча чараларын иштеп чыгууну тапшырды.

Өкмөт кыска жана орто мөөнөткө ишкерликти колдоо боюнча чаралардын пакетин бекитүүнү пландоодо.

Буга чейин кабыл алынган өкмөттүн биринчи кезектеги чаралар планы өзгөчө абал режими маалында бизнести сактап калуу жана ишканалардын банкрот болушуна жол бербөөгө багытталган финансы жана салыктык мүнөздөгү кечиктирилгис чаралардын тизмесин камтыйт. Ошондой эле калктын социалдык жактан аялуу катмарына жардам көрсөтүү жагы каралган.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара — Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Коронавирус дүйнөнүн 185 өлкөсүн каптады.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) 11-мартта коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска байланыштуу эл аралык өзгөчө абал жарыялады.

Сүрөт: cov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты