Өткөн суткада коронавирустан бир киши каза тапты
Жаңылыктар

Өткөн сутканын ичинде (10-апрелге карата) Ош облусунун Ноокат районунун ооруканасында бир киши COVID-19 оорусунан каза тапты. Ал 87 жашта болгон.
Бул тууралуу маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев билдирди.
Кыргызстанда жалпысынан Covid -19 вирусунан беш киши көз жумду.
10-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 вирусун жуктуруунун 18 жаӊы учуру катталып, жалпы саны 298 болду.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Жаңылыктар
Жаңылыктар