​Депутат Байпакбаев Караколдогу зоопарк жаныбарларына жардам берди

  • 4 года мурун

Караколдогу “Бугу эне” коомдук фондунун жаныбарларына Жогорку Кеңештин депутаты Экмат Байпакбаев жардамга келди.

Буга чейин 150 дөн ашык жаныбарлары бар фонд жардам керек болуп жатканын билдирген.

Жапайы жаныбарларды сактап калуу борбору зоопаркка келгендер жана кайдыгер эмес жарандар эсебинен жашап келген. Коронавирус пандемиясы жайылганы бул жайга билет менен келүүгө тыюу салынган. Ал эми жаныбарлардын азыгы түгөнүп бараткан.

Депутат Экмат Байпакпаев андагы жаныбарларга жардамге келип, Жаабарс аттуу илбирстин жана сүлөөсүндүн азыгы үчүн каражат, зоопарк кызматкерлерине апрель айы үчүн 120 миң сом айлык акы берип кеткен.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) 11-мартта коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавируска байланыштуу эл аралык өзгөчө абал жарыялады.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты