Өзгөчө кырдаалда дартка чалдыккан дарыгерлерге 200 миң сомдон төлөнөрү каралууда (Видео)

Өзгөчө кырдаалдар маалында өздөрүнүн кесиптик милдеттерин аткарып жатып дартка чалдыккан дарыгерлерге жана медицина мекемелеринин кызматкерлерине 200 миң сом төлөнөрү каралууда жана эгерде каза болуп калса, үй-бүлөсүнө 1 млн сом компенсация берүү жагы каралып жатат.

Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу жана жайылтууга каршы күрөшүү республикалык штабы билдирди.

Ал эми биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронв дарыгерлерге компенсациянын суммасы дагы каралып жаткандыгын баса белгиледи. азыр суммасын айтпай эле турайын деди.

Ал эми «Дарыгерлер апрель айында айлык акысын жана үстөк төлөмдөрүн мөөнөтүндө алышат» деп билдирди КР биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов.

Анын айтымында, марттын төлөмдөрү чындыгында кармалып берилүүдө. Бул кызматкерлердин саны жөнүндө туура эмес маалымат берилип жаткандыгына байланыштуу болгон.

“Айрым региондордо коронавирусунун жайылышына каршы күрөшүүгө тартылган дарыгерлердин саны бурмаланып берилген. Кызматкерлердин саны атайылап көп айтылганы аныкталды. Бүгүнкү күндө бул кырдаал жөнгө салынды, бардык төлөмдөр убагында жүзөгө ашырылат, — деди Кубатбек Боронов.

Cүрөт: med.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты