​Нью-Йоркто коронавирустан каза болгондор паркта көмүлөт деген маалымат — калп (Фактчекинг)

Твиттер социалдык тармагында АКШнын Нью-Йорк шаарында коронавирустан каза болгондорду шаардагы парктарда убактылуу жерге бере турганы айтылып жатат. ПолитКлиника бул маалыматты текшерип көрдү.

New York Post басылмасында “Дүйшөмбү күнү расмий өкүлдөр Нью-Йорктогу моргдордо өлгөндөрдүн саны көп болсо, коронавирустан каза болгон айрымдар Харт аралынын карапа талаасына же болбосо коомдук парктарга жерге берилүүсү мүмкүн экендигин билдиришти” деген маалымат чыкты.

Ошондой эле Sky News басылмасы шаардык кеңештин мүчөсүнүн Твиттердеги билдирүүсүнө таянып Нью-Йоркто моргдор толуп калгандыгына байланыштуу шаардагы парктарда убактылуу коронавирустан каза болгондорду көмүүгө мажбур экендигин жазган.

Нью-Йорк шаардык кеңештин мүчөсү, Шаардык кеңештин Саламаттыкты сактоо комитетинин төрагасы Марк Левин өзүнүн твиттерди баракчасына дагы коронавирустан каза болгондордун шаардын парктарында жерге берүүгө мажбур болушу мүмкүн экенин жазган.

Бирок, Нью-Йорк шаарынын мэри Билл де Блазио бул ушактар толугу менен калп экенин билдирди:

“Нью-Йоркто «массалык мүрзөлөр» же «массалык интернационализация» сыяктуу эч нерсе болбойт. Кудай сактап, бизде эч качан убактылуу көмүлө турган жайга муктаждык болбос, бул ар бир адам үчүн индивидуалдуу болушу керек. Бирок, биз азыр андан алыспыз”, — деп билдирген Билл де Блазио.

Эгерде муктаждык жаралса, Харт аралын убактылуу мүрзө катары колдонуу үчүн изилдеп жатышканын Билл де Блазио кошумчалады.

Нью-Йорк штатынын губернатору Эндрю Куомо шаардын саламаттыкты сактоо комитетинин төрагасы Левиндин твиттер жазгандары тууралуу билберин журналисттерге билдирди:

“Мен бул пландар жөнүндө билген эмесмин. Буга чейин көптөгөн ушактарды уккам. Бирок, шаардагы паркттарды каза болгон кишилерди көмүп жатканы тууралуу уккан эмесмин”, — деп айтты Куомо.

Кийинчерээк, Твиттерде Левин өзүнүн алгачкы твиттерине көңүл бурулганын түшүнүп, ал шаар даяр болгон күтүлбөгөн жагдайларга гана токтолгонун айтты. «БИРОК, эгерде өлүмдүн деңгээли жетиштүү түшсө, анда бул талап кылынбайт» деди ал.

Жыйынтык: Нью-Йорктун парктарына коронавирустан каза болгондорду убактылуу көмөт деген маалымат чындыкка туура келбейт.

Политклиника медиа

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты