​Кыргызстанда 156 миң жумушсуздун 155и эле жөлөкпул алат

  • 4 года мурун

Улуттук статкомитеттин маалыматы боюнча, Кыргызстанда жумушсуздардын жалпы саны — 156 миӊ 300 киши.

Иш менен камсыз кылуу кызматтарында каттоодо турган жалпы жумушсуздардын саны 97 миӊ 400 киши, анын ичинен расмий жумушсуздардын саны 78 миӊ киши. Жумушсуздук боюнча жөлөкпул алгандардын саны 155 киши. Жөлөкпулдун өлчөмү — 300 сом.

Эмгек жана социалдык камсыздоо министри Улукбек Кочкоровдун маалыматы боюнча, бул күндөрү 110 миң аз камсыз болгон үй-бүлөгө мамлекеттик материалдык резервден 5 400
тонна ун таркатылууда.

Муктаж болгон жарандарга азык-түлүктөрдү жана
коргоо каржаттарын үйлөрүнө жеткирип жатышат. Ошондой эле кайрымдуулук
уюмдары, ишкерлер жана катардагы жарандар жардам көрсөтүүдө.

Бүгүн, 7-апрелде, Кыргызстанда коронавирустун жаңы 12 учуру катталды. Дарт жугузгандардын бардыгы 228 болду. Алардын баары Ош облусунда обсервацияда жаткандар. Дарт жугузгандардын жетөө — медициналык кызматкерлер.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты