MegaCom: Өзгөчө абал учурунда абоненттер  АКЫСЫЗ чалуу аткара алышат!

  • 4 года мурун

MegaCom компаниясы, социалдык жооптуу ишкана катары, өлкөбүздө киргизилген өзгөчө абал шартында кыргызстандыктарга колдоо көрсөтүүнү улантуу менен, өз абоненттерин көз жаздымда калтырбай келет. Учурдагы түзүлгөн жагдайда бардыгыбыз үчүн байланышта болуу маанилүү эмеспи.

Балансы нөл же нөлдөн төмөн абалда болгон MegaCom абонентине күн сайын түйүн ичинде чалуу үчүн акысыз 10 мүнөт автоматтык түрдө берилет .

«Бүгүнкү күндө бардык эле абоненттер уюлдук байланыш кызматтары үчүн акы төлөй албай тургандыгын түшүнөбүз. Ал эми өз убагында аткарылган чалуу кимдир бирөөнүн өмүрүн сактап калуусу ыктымал. MegaCom үчүн абоненттеринин мүдөөлөрү ар дайым алдыңкы орунда жана MegaCom компаниясынын жетекчилиги тарабынан абоненттерине колдоо көрсөтүү чечими кабыл алынды, — деп белгилешет «Альфа Телеком» ЖАКтын өкүлдөрү. – Биз өз абоненттерибизди баалайбыз жана алардын ар дайым байланышта болуусуна өбөлгө түзүп беребиз. Өкмөтүбүздүн сунуштамаларын так аткаруу, бирдиктүү күч-аракет жумшоо менен, коронавирус илдетине каршы туруп, мекендештерибиздин өмүрүн сактап калууга болот».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты