​Жээнбеков: “Катуу тартип менен гана дарттын таралышына бөгөт коё алабыз”

  • 4 года мурун

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Апрель революциясынын 10 жылдыгына карата кайрылуу жолдоп, учурдагы кыйын кезеңде медициналык талаптарды бекем сактоо тууралуу белгилей кетти.

-Учурда баарыбыз — мамлекеттик бийлик, жалпы коом, ар бир мекендешибиз чоң сыноого туш болдук.

Илдетке каршы багытталган чаралар, калктын аярлуу катмарын колдоого арналган кадамдар, ишкерлердин түйшүгүн жеңилдетүүнү көздөгөн иш-чаралар аткарылып жатат.

Бул илдеттен жарандарыбыздын айыга баштаганы — врачтардын тынымсыз эмгегинин натыйжасы — баарыбыз үчүн жакшы кабар.

Өз өмүрүнө болгон коркунучка карабай, күнү-түнү иштеп жаткан дарыгерлерибизге элибиздин атынан дагы бир ирет терең ыраазылык билдирем.

Дарыгерлерибиздин эмгегин жогору баалап, укук коргоо органдарынын ишин колдоого милдеттүүбүз.

Эч кимдин „бул илдет мага келбейт, мага жукпайт“ деп тобокелдикке барууга акысы жок.

Өзгөчө кырдаалдын тартибин бузгандар өзүнүн үй-бүлөсү, туугандары үчүн гана эмес, өлкөнүн бардык жарандары үчүн коркунуч жаратат” деп белгиледи.

Азыр дүйнө боюнча илдетке чалдыккандардын саны миллиондон ашты.

Кыргызстанда да оору жугузгандардын саны өсүп жатат.

Тилекке каршы, каза болгон да учур катталды.

Ошондуктан сиздерге дагы бир жолу кайрылам: ар бир жараныбыз, кары-жашына, ээлеген кызматына, коомдогу ордуна карабай, медициналык талаптарды так аткарып, үйдөн чыкпай, тартипти бекем сактоого милдеттүү.

Катуу тартип менен гана илдеттен коргонуп, анын таралышына бөгөт кое-алабыз, -деп белгиледи мамлекет башчы.

Бүгүн, 7-апрель-Апрель революциясынын он жылдыгында Президент элге кайрылуу жолдоду.

Кыргызстанда 6-апрелде коронавирус жуктурган 69 жаңы учур катталды. Бардыгы 216 болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты