​Каракол шаарында көп кабаттуу үй коопсуздук үчүн курчоого алынган

  • 4 года мурун

5-апрелде жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында шаардык штаб кирпич заводунун аймагындагы 55-үйдү курчоого алууну чечкен. Ал эми ширетүү иштери подъезддин эшигин оңдоо үчүн жүргүзүлгөн.

Ал үйдүн жашоочуларынын биринде COVID-19 белгилери табылган. Ал жаран 30-марттан бери 5 үй-бүлө мүчөсү менен облустук бириккен ооруканада обсервацияда жаткан.

Ал жаран кимдер менен байланыш түзгөндүгү тууралуу медиктерге маалымат берүүнү каалаган эмес. Ошондуктан жашаган үйүнө өзгөчө карантиндик статус берүү боюнча чечими кабыл алынган.

Аталган үйдү дезинфекциялоо иш-чараларынын жүрүшүндө ширетүү аппаратын колдонуу менен подъезддин эшигин оңдоо боюнча иштер жүргүзүлгөн.

Муниципалитет жарандардын кыймылына чектөө киргизүүнү ниет кылган эмес.

Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штаб билдирди.

6-апрелде Кыргызстанда коронавирус жуктурган 69 жаңы учур катталып, бардыгы 216 болду. Анын ичинде — Ысык-Көл облусунда үчөө.

Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу жана жайылышын болтурбоо республикалык штабы Каракол штабынын маалыматтарына шилтеме берип билдирди.

Буга чейин социалдык тармактарда Каркол шаарындагы аталган үй сыртынан ширетилип жатат деген маалыматтар жарыя болгон жана бул видео жарыяланган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты