«Жумуш издейм»: Коронавирус Борбор Азиядан келген мигранттарга кандай таасир тийгизди?

Орусиядагы карантин жана же экономикалык регресс Борбор Азия өлкөлөрү үчүн «жай атылуучу октой» тиерин эксперттер айтууда. Бул макаланын түп нускасы Cabar.asia аналитикалык порталында жарык көргөн.

Тажикстандан келген Шабдан Дахаров Москванын бир ресторанында официант болуп иштечү. Тапкан акчасы өзүнүн жана инисинин окуусуна жана жашаган үйдүн ижара акысына кетчү. Бирок бир жума мурун бул жаш жигитти карантинге байланыштуу жумушунан бошотушту. Эми Шабдан жаңы жумуш издөө менен алек, азырынча жыйынтык чыга элек.

Photo: CABAR.asia

«Мен иштеген ресторанды эки айга жабат деп айтышууда. Баарыбызды бир күндө эле жумуштан бошотуп койду. Азырынча акчабыз бар, бирок айдын аягында жашаган жерибиз үчүн төлөө керек. Эми эмне кыларымды билбей жатам. Мен жакшы иштегендердин катарында болсом да жетекчилик бир нерсе деп убада кылган жок. Мындай тамактануу жайларына баруудан жыйынтык деле чыкпайт го, анткени баары жабылат. Унаа айдаганды билбейм. Кароолчунун жумушун издештирип жатам, бирок ата-энем үйгө кел деди, билет алам деп үмүттөнүп отурам», — деди Дахаров.

Bloomberg Economics’тин божомолуна караганда, төрт сценарийдин экөөсүндө Орусиянын экономикасынын артка кетүүсү күтүлүүдө.

Федералдык мамлекеттик статистика кызматынын берген маалыматына караганда, 2019-жылы Россияга окуганга, туруктуу жашоого жана иштөө максатында 4,5 миллиондон ашык мигрант кирген.

Бул сандардын болжол менен 3,4 миллион адамы Борбор Азиянын энчисине кирет.

Мигранттар өлкөнүн мамлекеттик кызмат жана коопсуздук чөйрөсүнөн башка бардык тармактарында иштешет.

«Борбордук Евразия чегаралар аралык изилдөө тармактары» коомдук фондунун директору, саясат таануучу Денис Бердаковдун айтымында,Орусиянын ири шаарларында эки ай же андан ашык созулган карантин Борбор Азиянын эки өлкөсүнө — Тажикстан менен Кыргызстанды оор стресске алып келет.

«Эмгек мигранттары менен элдин катышын кароо маанилүү. Эгер Кыргызстандын эли – 6,5 млн, Өзбекстандыкы – 33 млн, Тажикстандыкы – 9,5 млн болсо, анда акча которуулардын бул өлкөлөрдүн экономикасына тийгизген таасири ар башка болот. Кыргызстан жана Тажикстан үчүн мигранттардын акча которуулары – өлкөнүн социалдык-экономикалык гана эмес, ал тургай саясатына дагы чоң колдоо болмок», — деп ойлойт Бердаков.

Эреже катары бир эмгек мигранты өз өлкөсүндө 2-3 адамды багат, андыктан кеп калктын кыйла бөлүгү тууралуу болуп жатат. Мигранттардын каражаттары кыйыр түрдө бюджетке таасир этиши мүмкүн, бирок банктык кассанын санына, тамак-аш, жаңы батир, унаа алууда чоң таасирин тийгизет. Эксперттердин божомолуна караганда, мындай талап буга чейин дагы төмөндөгөн жана мындан ары дагы төмөндөй берет.

Photo: CABAR.asia

Гуля жолдошу жана уулу менен Москвага үч жыл мурун Кыргызстандан келишкен. Бул арада алар Ош облусунан батир сатып алганга каражат топтоп койгонго жетишкен.

«Мен дем алышы жок иштегем. Күнүнө 2000 рубль (эски курс менен 30 АКШ доллары) тапчумун, кошумча сыйлык акы да берилчү.Мурун жатаканада эл абдан көп болчу, орун жетишпей калчу. Азыр болсо 3 адам калганына байланыштуу жетекчибиз аны жабуу тууралуу оюн айтты. Биз кайра Ошко кайтууну каалаган жокпуз, анткени кредитибиз бар. Бул жактан башка жумуш издештиргенге аракет кылам, мүмкүн повар болуп ишке орношормун», — деп үмүт кылат Гуля.

Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондугуна байланыштуу бул өлкөнүн жарандары Россиянын жумушчу күчүнүн эң артыкчылыктуу бөлүгү болуп саналат. Алар кыйла көп укуктарга ээ, жумушка орноштуруунун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби, алар узак мөөнөттүү келишим түзүп, 90 күндөн кийин чыгып кете алышпайт. Ошондуктан алардын арасында мыйзамсыз иштегендер азыраак, ошондой эле орус тилин жакшы билгендиги жогору айлык акы төлөнүүчү жумушка орношууга мүмкүнчүлүк берет.

Бердаковдун айтымында, Кыргызстандын жарандары Тажикстан же Өзбекстандан келген мигранттарга салыштырмалуу орточо эсеп менен көбүрөөк алышат. Алар тейлөө, такси кызматында, дүкөндүн менеджери жана тамак-аш тармагында эмгектенишет.

Photo: CABAR.asia

Нурбек Москвада таксист болуп иштейт. Таза кирешеси айына 140 миң рублга чейин жетчү. Эски курс менен санаганда 2000 доллардын тегереги. Бул иштин аркасы менен ал үйлөнүү тойго акча чогултуп койгон.

«Акыркы эки жумадан бери буюртмалар аз, киреше болгону 30 миң рубль (383 АКШ доллары). Балким буга элдин баары жумушуна барбай, аралыктан иштегени себеп болуп жаткандыр. Анан калса түнкү клубдар дагы жабылган.
Карантин учурунда убактылуу өргүү алып, өз айылыма кетем деп пландап жатам. Атама үй курам. Эми коронавирус өмүр бою болбойт да, убактылуу экендигин түшүнөм», — дейт Нурбек.

Photo: CABAR.asia

Юсуф Азимов эки жыл мурун Москвага Өзбекстандан келген. Курьер болуп иштейт — тамак ташыйт.Коронавирус тарагыча айына 40 миң рубль тапчу (эски курс менен алганда 597 АКШ доллары), азыр болсо анын кирешеси болгону 15 миң рублди түзөт (191 АКШ доллары).

«Мурун мен күнүнө 12 сааттан иштегенде жакшы акча тапчумун. Бир күндө 10-15 жолудан буюртма келип турчу, ал эми азыр болсо аябай аз, эң көп дегенде 4 же 5 эле. Айлык-акы жума сайын түшүп турчу, эми болсо жетекчилик өзү да билбей калды эмне кылышты. Айдын аягына чейин мүмкүн которобуз деп айтышты.Менин өзүмдүн эки кредитим бар, башка кошумча жумуш караштырып жатам, бирок азырынча жыйынтыксыз», — деп нааразы Азимов.

Денис Бердаковдун айтымында, Нурбек жана Юсуф сыяктуулар бир топ убакытка чейин жеткидей каражат топтоп алышкан, бирок карантин белгисиз убакытка созулуп кетиши мүмкүн.

Орусиялык ишкерлер дагы бул белгисиз жагдайдан улам чыгымга учурап жатышат. ЖМКлар болсо элди үйлөрүнөн чыкпоого кеңеш берүүдө, а бирок насыя жана ижара акысын төлөө керек болот да. Мындай абал Борбор Азиядагы ишкерлерге дагы кесепетинтийгизди.

Photo: CABAR.asia

Карим Урусов – Өзбекстандын тургуну жана Москвадагы жер-жемиш саткан түйүндөрүнүн ээси. Ал жыл башында эле жемиш жөнөтүүчүлөр менен келишим түзүп, акчаны которуп койгон. Эми азыр анын бизнеси дээрлик токтоп калды.

«Менин беш дүкөнүм бар. Жер-жемиштерди күнөсканалардын ээлеринен сатып алам, анан Кытайдан да алдыртам. Учурда дүкөндөр бош турат, эл көбүнчө консерва, акшак жана унду сатып алууда. Жыл башында мен карызга батып, жер-жемиш үчүн алдын ала төлөмдөрдү жүргүзгөм. 10 миң долларга чукул зыян тарттым, бул айдын аягына чейин бул эсеп 50 миң долларга жетет го», — деп айтып берди Урусов.

Анын айтымында, мамлекет орусиялык ишкерлерге салыктардан бошотуп жардам берүүдө. Ал эми өзү Өзбекстандын жараны катары бул категорияга кирбейт. Азыр ал жемиштерди дээрлик өз баасынан кичине жогору сатканы менен бул деле жардам бербейт дейт.

«Эмне кылуум керек, кайда барарымды билбейм, анткени бардык эле ишкерлерде мага окшош көйгөй бар. Менин бир таанышым фитнес борбордун ээси. Ал бизнесин сактап калуу үчүнүйүн кепилдик катары коюп кредит алды. Бул коронавирус абдан көп зыян келтирди. Мен бардык сатуучуларды жумуштан кетирүүгө мажбур болдум, анткени айлык акы төлөгөнгө эч нерсе жок”, — дейт ишкер.

Адистердин айтымында, карантин жана жумушчулар менен ишкерлердин кийинки көйгөйлөрү Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экономикасынаолуттуу сокку болот. Мигранттардын запасы бир-эки айга гана жетиштүү болот, бирок көпчүлүгү туугандарына акча жөнөтө албай калышат. Ал эми бул болсо аларга олуттуу сокку болот.

«Москвада көпчүлүк мигранттар аз дегенде 5-6дан, болбосо 20 кишиден бир батирде жашашат. Эгер алар тамак-аш тармагында иштесе, азык-түлүккө көп деле акча коротушчу эмес. Азыр алар абдан экономдоп отуруп топтогон каражатын 2-3 айга араң жеткириши мүмкүн, анан көпчүлүгүнүн мекенине кетүүгө каражаты да калбай калат.Ал эми мекенинде жумуштун болору белгисиз. Эгер жетишип калса себүү жумуштары менен алек болсо болот, бул бир варианты. Бул бир кыйла үнөмдүү болмок», — дейт Бердаков.

Бирок өз мекенине кайтуу азыр жеңил эмес. 20-мартта Россиянын Кыргызстан жана Тажикстан менен туруктуу каттамдары токтогон. Акыркы акчасына мекенине деп билет алып алган мигранттар аэропортто жашаганга аргасыз болушууда. Бул маселе өкмөттүн деңгээлинде чечилгенге чейин жаңы төрөлгөн ымыркайлары менен, кээ бири ооруп калган туугандары менен күтүүгө аргасыз.

Мигранттардын жапырт чыгып кетүүсү өтө кыйынга турат. Кыргызстандын, Тажикстандын же Өзбекстандын бийлиги жүздөгөн, ал тургай, миңдеген жарандарын чыгарып кете албай убара.

«Дагы бир чоң маселе – аларды кабыл алуу керекпи же жокпу… Эгер алардын арасында кеселди жугузуп алгандар болсочу, анда аларды алып келүү вирустун жайылышын күчөтүшү мүмкүн. Аларды баарын бир кабыл алуу натыйжа бербейт. Мындан сырткары, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстанда жарандарды ташуу үчүн акча төлөө мүмкүнчүлүгү жок, анткени бюджети жетишсиз”, — деди Бердаков.

Башка коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу Россияда иштеген казакстандыктар анчалык деле көп эмес, ошондуктан акча которуулардын азайышы экономикага чоң таасирин деле тийгизбейт. Бирок Казакстан башка форматтагы кыйынчылыктарга туш болот.

Photo: CABAR.asia

Алмас Айтахов жана Бекболат Султанов Орусияга Казакстандан келип, курулуш тармагында иштеп жатышкан.Учурда бардык жумуш токтоп калган, бирок алар үйлөрүнө кайтууну каалашкан жок. Ижарага алынган батирдин ордуна алар жумушунда жатып, кошумча ар кандай жумуш издөөдө.

«Казакстанда биздин үй-бүлө, бала-чака, неберелерибиз бар. Кайра барганды намыс көрүп, уялып жатабыз. Дурус эле акча таап жатканбыз. Эми бир айдан кийин жумуш калыбына келет деп ойлойбуз. Биздин жетекчибиз баарыбызды эс алууга жөнөткөн. Биз коронавирустан коркпойбуз, ачкадан өлүп калуудан коркобуз», — деди Алмас.

Photo: CABAR.asia

Ал эми Салтанат Райымова деген Казакстандын жараны акыркы айда үч жумуш которгонун айтты. Эң биринчи бала багуучу болуп иштеген, бирок баланын ата-энеси карантинден улам үйдө иштеп калып, анын жардамынын кереги жок болуп калган. Кийин спорт кийимдерин саткан дүкөнгө сатуучу болуп орношкон.

«Кожоюнум 10 миң еврого товар сатып алган, бирок сатып алуучу кардарлар дээрлик жок болгон. Дүкөн ижара акысын да актай алган эмес, ээси бейтапканага жатып калды. Ошентип ал жактан да кетүүгө туура келди. Азыр мен кондитер дүкөнүндө иштеп жатам, бирок ал дагы жабылат окшойт. Үйгө барып, эки жума карантинге отуруунун эч кандай мааниси жок, андан көрө мен бул жерде жок дегенде бир жумуш издешим керек», — дейт Райымова.

AlmaU иш башкаруу боюнча доктор, экономист Ерлан Ибрахимдин айтымында, дүйнөдөгү жана ЕАЭБдеги кырдаал олуттуу кесепеттерге алып келет. Март айында Казакстан менен Кыргызстан коронавирустун айынан карантинге гана туш болбостон, мунайга болгон баанын төмөндөшүнө байланыштуу улуттук валюталардын дагы бир девальвациясына дуушар болду.

Бийликтин ишендиргенине карабастан, Казакстан импорттоочу өлкө, ошондуктан импорттун баасы 20-30% га жогорулайт. 22-марттан бери эки ири шаарда карантин жарыяланган, дээрлик бардык чакан жана орто бизнес иштебей токтоп турат. Ал эми салыктар өчүрүлүп, көптөгөн адамдар жумушсуз калышты.
Экономисттин айтымында, кырдаал Россиянын 90-жылдардагы кризисине окшоп кетет. Анда кырдаал бир топ татаал жана трагедиялуу болгон, бирок бардык активдер мамлекетке таандык болуп, менчиктештирүү программасы жана реформалар оптимисттик маанай тартуулаган.

«Жалпылап айтканда, бизнес токтоп турат. Бул экономиканы төмөндөтүүчү дагы бир фактор болот. Көп адамдар жумушсуз калышты. Орто деңгээлде жашагандар кыйын абалда. Мисалы, Алматыда, кирешеси төмөн, эмгек акыны күн сайын алган калктын өтө чоң бөлүгү жакынкы шаарлардан келип иштегендер. Бул адамдар ал тургай жашай турган каражатсыз калышты», — дейт Ибрахим.

Анын ою боюнча, Казакстан өзүнүн эгемендүүлүк жылдары мындай оор кырдаалга такыр тушуккан эмес. Бирок Орусиядагы коронавирустан кийинки абал Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын экономикасына кесепетин тийгизет.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты