Премьер-министр, өкмөттүк аппараттын айрым кызматкерлери коронавируска тест тапшырганы чындык

  • 4 года мурун

Социалдык тармактарда журналист Асель Оторбаева Президенттин, Өкмөттүн, Бишкек шаардык мэриянын аппаратынын бардык кызматкерлери жана аткаминерлери коронавируска анализ тапшырышканын жазып чыкты.

«Силер муну билишиңер керек. Президенттин, Өкмөттүн, Бишкек шаардык мэриянын аппаратынын бардык кызматкерлери жана аткаминерлери коронавируска анализ тапшырышты.Булар үчүн реагенттер проблемасы жок эле бат табылыптыр. Ошонун катарында эле ар кайсы жактан учуп келип анализ тапшырган кыргызстандыктардын 8000 анализи дагы эле чыкпай турат. Реагенттер жетишпегенинин айынан», — деп жазат Оторбаева.

ПолитКлиника медиасы Covid-19га каршы Республикалык штабдын маалымат кызматына байланышып бул маалыматты тактады.

«Бардык кызматкерлери анализ тапшырган деген маалымат туура эмес. Бирок, коронавирус чыккан очокто иштеген, обсервациядан которулгандарды тосуп алып иштеген кызматкерлер анализ тапшырганы чын. Анализ тапшыргандардын так саны коопсуздук максатында айтылбайт», — дейт штабдан.
Аны менен катар эле Ош жана Жалал-Абадга барып келген Премьер-министр жана ал баштаган делегациянын 12 мүчөсү дагы экспресс-тесттен өтүшкөн. Анализдеринин баары таза чыккан.

Эпидемиологиялык кырдаал жакшы эмес аймактарда болгон делегациянын бардык мүчөлөрү Бишкек шаарына келери менен дароо коронавирустун бар же жогун аныктай турган экспресс-тесттен өтүштү. Алардын биринен да вирус аныкталган жок. Тобокелчиликтерди азайтуу максатында алар үч күнгө үй карантинине жиберилди.

ПолитКлиника медиа

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты