Штаб: «Сузакта врач пневмониядан каза болду деген маалымат чындыкка дал келбейт» [Маалымат толукталды]

  • 4 года мурун

Фейсбуктун айрым колдонуучулары «Сузакта врач пневмониядан каза болду дейт» деген билдирүү жазып чыккан.

Кийинчерээк алар 24.kg маалымат агенттигинин берген маалыматына таянганы белгилүү болду.

Covid-19га каршы Республикалык штабдан бул маалымат чындыкка туура келбей турганын, жакынкы арада расмий түрдө бул боюнча жооп берилерин кабарлашты.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин кеңешчиси Елена Баялинова министр менен сүйлөшкөнүн, Сузакта чындыгында эле бир врач каза болгонун, бирок ал коронавирустан дагы, пневмониядан дагы эмес экендигин билдирди.

«Министрдин айтканына караганда, азыр тиешелүү анализдер алынып жатат экен. Алдын ала маалыматтарга караганда, врачтын жүрөк оорусу болгон. Ал врач обсервацияда жаткандар менен түз иштешкен категориядагы врачтарга кирген эмес», — дейт Елена Баялинова.

Аны менен катар эле Саламаттыкты сактоо министрлиги расмий жооп даярдап жатканын билдирди.

Эске салсак, буга чейин Республикалык штабдан 9 медициналык кызматкер коронавирусту жуктуруп алганын маалымдашкан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты