Премьер-министр Абылгазиев экспресс-тесттен өттү. Кандай чыкты?

  • 4 года мурун

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош жана Жалал-Абад облустарына эки күндүк иш сапар менен болгон делегациянын 12 мүчөсү сыяктуу эле коронавирус инфекциясынын бар же жогун аныктай турган экспресс-тесттен өттү. Вирус чыккан жок.

Эпидемиологиялык кырдаал жакшы эмес аймактарда болгон делегациянын бардык мүчөлөрү Бишкек шаарына келери менен дароо коронавирустун бар же жогун аныктай турган экспресс-тесттен өтүштү.

Алардын биринен да вирус аныкталган жок. Тобокелчиликтерди азайтуу максатында алар үч күнгө үй карантинине жиберилди.

Белгилей кетүүчү жагдай, коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдөгү аракеттерди координациялоо боюнча ыкчам штабга тартылган өкмөттүн аппаратынын кызматкерлери да экспресс-тесттен өттү.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

4-апрелде Кыргызстанда коронавирустан Ноокат аймактык ооруканасында жаткан 80 жаштагы жаран каза тапты.

2-апрелде Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасында жаткан 61 жаштагы бейтап каза тапты.

5-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 вирусуна чалдыккан 3 киши катталды. Ал үч учур Бишкек шаарынан чыкиы. Вируска чалдыккандардын жалпы саны 147 болду.

Бүгүнкү күндө коронавирус диагнозу менен жаткырылып, айыккан жалпы 9 бейтап стационардан чыгарылды.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты