​Сапар Исаковду №1 абак жайына которушту

  • 4 года мурун

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду УКМКнын убактылуу камак жайынан Бишкектеги №1 убактылуу камак жайына которушту.

Бул тууралуу адвокат Нурбек Токтакунов билдирди.

Анын айтымында,бул чечим Бишкек ЖЭБи боюнча өкүм күчүнө киргендигине байланыштуу болушу ыктымал. Бирок Биринчи май райондук сотунда Чолпон-Атадагы ат майдан боюнча иш каралып жаткандыктан, аны УКМК убактылуу камак жайына калтырып коюшса болмок.

Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 2019-жылдын 6-декабрында Бишкек жылуулук электр борборунун модернизациясы боюнча Сапар Исаковду 15 жылга эркинен ажыраткан.

Мурдагы премьер Сапар Исаков Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу жана Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга шектелип камалган.

Бишкек ЖЭБин жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында айыпталган Сапар Исаков 2018-жылы 5-июнда камакка алынып, УКМКнын тергөө абагында отурган.

Тарых музейин реконструкциялоо жана ат майданы боюнча кылмыш иши 2018-жылы козголгон.

Сүрөтө: №1 убактылуу абак жайы. «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты