​Коронавируска чалдыккандардын алтоо кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды

  • 4 года мурун

Азыркы учурда коронавирус илдетине чалдыккандардын ичинен 6 киши кайра жандандыруу бөлүмүндө жаткырылды.

1. Ноокатта 59 жаштагы эркек – оор абалда;

2. Ошто 45 жаштагы эркек – өтө оор абалда, жасалма дем алдыруу аппаратына кошулду;

3. Ошто эки аял, (бири-63 жашта, экинчиси 60 жашта) аял – оор абалда;

5. Жалал-Абадда 33 жаштагы эркек – оор абалдан чыкты;

6. Нарында 60 жаштагы аял – оор абалда.

Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов маалымат жыйынында билдирди.

4-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 вирусуна чалдыккан 14 жаӊы учур катталды. Арасында медицина кыызматкерлери да бар. бардыгы 144 болду.

Буга чейин беш киши коронавирустан айыгып чыкканын саламаттык сактоо министрлиги кабарлаган. Андан кийин Баткенден дагы бирөө айыгып, бардыгы 6 киши болду.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты