​Ыкчам IT штаб уюшулду

  • 4 года мурун

Маалыматтык технология жана байланыш комитетинин базасында курамында ата мекендик жана жалпы дүйнө жүзү боюнча 400 IT адисинин башын бириктирген ыкчам IT-штаб уюшулду.

Бул тууралуу аталган комитеттин төрагасы Дастан Догоев маалымат жыйынында билдирди.

Ал адистер өз ыктыяры менен жана акы төлөнбөгөн негизде иштеп жатышат.

Дастан Догоев ыкчам IT-штабдын маанилүү багыттарынын бири республикалык ыкчам штабдын ишине көмөктөшүү болуп саналарын белгилеп өттү.

3-апрелде Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 5 учур катталып, өткөн сутка ичинде 14 жаӊы учур аныкталды.130 учур тастыкталып, анын ичинен бирөө каза болду.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Сүрөт: gov.rg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты