​АКШ Россиядан тиешелүү жабдууларды сатып алууда

  • 4 года мурун

АКШнын мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Морган Ортэгус басма сөзгө мындай маалымат таратты.

“Америка Кошмо Штаттары COVID-19 глобалдык күрөшүнө кошулат. Биз дүйнөнүн бардык тарабындагы кризис жана гуманитардык ишкердикке жооп берүүгө бараандуу салым кошуп жатабыз, бирок бул салымды биз жалгыз кошо албайбыз.

Өткөн жумада “Чоң жыйырмалыктын” өлкөлөрү коронавирусту жеңүүдө жеңишке чогуу жетишүү үчүн бирге иштешүүгө макулдашкан. Биз ал өлкөлөр жана башкалар менен муктаждарга зарыл керектүү нерселер менен камсыз кылуу үчүн тыгыз иштешип жатабыз.

Президент Трамп менен Президет Путиндин 30-марттагы телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө, Америка Кошмо Штаттары Россиядан медицина каражаттарын, анын ичинде өпкөнү жасалма дем алдыруу аппараттарын жана жеке коргонуу медициналык каражаттарын сатып алууга макулдашкан. Ал АКШнын өзгөчө кырдаалдарды башкаруу федералдык агенттигине (FEMA) Нью-Йорк шаарында 1-апрелде берилди.

Эки мамлекет кризис маалында өткөн учурларда бири-бирине гуманитардык жардам берип келишкен, келечекте да сөзсүз жардам бере беришмекчи.

Бул — биздин баарыбыздын өмүрүбүзгө коркунуч келтирип жаткан жалпы душманыбыз менен күрөшүү маалы” деп айтылат билдирүүдө.

Дүйнөдө 3-апрелде коронавируска чалдыккандардын саны миллиондон ашты. Бул тууралуу окумуштуулардын онлайн-картасында көрсөтүлдү. Каза тапкандардын саны 53 156 га жетти. Айыккандардын саны 211 775 болду.

Коронавирус инфекциясын жугузгандар АКШда көп. 3-апрелде АКШда бул дартка чалдыккандардын саны 245 559 га жетти.

11-мартта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Сүрөттө: Морган Ортэгус. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты