​Бишкек шаарынын кошумча бөлүктөрүндө кыймыл чектелет

  • 4 года мурун

Жакынкы эки күндө оорулуулар менен байланышта болгон адамдардын инкубациялык мезгили аяктагандыктан, Бишкек шаарынын кошумча тилкелеринде кыймыл чектөөгө алынат.

Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу жана жайылышына каршы күрөшүү республикалык штабынан билдиришти.

Карантиндик аймак кеӊейип, кыймылды чектөө жана кишилердин, унаалардын топтолушун болтурбоо үчүн базар жана супермаркеттер жанында санитардык-карантиндик посттор коюларын комендатурадан билдиришти.

Зарыл учурларда гана дарыкана жана азык-түлүк алып келгенге чыкса болот. Жаныӊызда паспорт жана маршруттук баракчаӊызды алып жүрүӊүз, ошондой эле беткап тагынып, колдоруӊузду антисептик менен тазалап туруӊуз.

3-апрелде Кыргызстанда коронавирус жуктурган учур эки жолу катталып, бир суткада 14 болду. Жалпысынан 130 учур анын ичинен бирөө каза болду бешөө айыкты.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Сүрөт: Вячеслав Оселедко/ AFP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты