Жүк ташуучу унаа санпосттон тоскоолдуксуз жүрө алат

  • 4 года мурун

Дары-дармек жана социалдык маанилүү товар ташыган жүк ташуучу унаалардын өткөрмө кагаздарын жокко чыгаруу жана алардын санитардык-карантиндик посттор аркылуу тоскоолдуксуз жүрүүсүн камсыз кылуу чечими кабыл алынат.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, электрондук өткөрмө системасында 3800 арыз катталган, алардын 211 жактырылды.

Белгилеп кетсем, ун ташыгандардын маселеси чечилген, аларды ташууда эч кандай көйгөйлөр жок, — деди Бишкек шаарынын коменданты.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты