​Апрель айында пенсия жана жөлөкпул эрте таратылат

  • 4 года мурун

9-апрелде республика боюнча почта байланыш бөлүмдөрү ачылат. Почтальондор ошол эле күнү пенсия менен жөлөк пулду алуучуларга жеткире баштайт.

Бул тууралуу “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы билдирди.

COVID-19 алдын алуу жана болтурбоо максатында бардык унаалар жана имараттар дезинфекцияланды, почтальондорго атайын кийимдер, көп жолу колдонулуучу беткап, кол кап жана антисептик берилген.

“Кыргыз почтасы” жарандарды үйдө калууга чакырат, почтальондор ар бир алуучуга соцтөлөмдөрдү үймө-үймө жеткиришет. Зарыл болсо, алар дем алыш кундөрү да иштөөгө даяр.

Почта кызматы ошондой эле дары-дармек жана азык-түлүк жеткирүү кызматын да көрсөтүп жатканын эскертти.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты