КЛДП: «Коронавирус дүйнөнү каптап жатканда референдумду коомдук талкууга коюу — орунсуз”

  • 4 года мурун

Кыргыз либерал-демократиялык партиясы (КЛДП) 4-октябрда башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорунун коомдук талкууга коюлушунун орунсуз экени тууралуу билдирүү таратты.

Билдирүүдө мындай деп айтылат:

-Биз Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушевдин Кыргыз Республикасынын башкаруу түзүлүшүн аныктоо тууралуу референдумду белгилөө боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкканын абдан кабатырлануу менен кабыл алдык.

Бизди чочулаткан эки чоң негиздүү себеп бар:

Биринчиси, коронавирус дүйнө жүзүн каптап, Кыргызстандын жарандарынын эле эмес,бүткүл адамзаттын коопсуздугу баарын кабатырга салган учурда жашап жатабыз. Ушундай кырдаалда референдумга тиешелүү кандай гана саясий долбоор болбосун, аны коомдук талкууга коюу орунсуз деп түшүнөбүз.

Экинчиси, эгемен Кыргызстандын башынан өткөн эки жолку элдик ыңкылап же төңкөрүш бизге тарыхый сабак берди. Эки ыңкылапка тең (2005-ж; 2010-ж) бийликтин президенттик институт аркылуу бир колго топтоп алышы түздөн-түз себеп болгон.Ошондуктан президенттик башкарууга кайтуу тууралуу долбоордун элдик талкууга коюлушу моралдык жактан да, юридикалык да жактан мүмкүн эмес.

Кризисти эл менен бирге жеңип, кезектеги парламенттик шайлоо өткөндөн кийин бул жаатта бир гана маселенин айланасында мыйзам долбоору болушу мүмкүн. Ал — парламенттин укуктарын кеңейтүүгө багытталууга тийиш. Долбоорду иштеп чыгууга КЛДП партиясы түздөн-түз салымын кошууга даяр” деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев өлкөнүн башкаруу түзүлүшүн аныктоо тууралуу референдум белгилөө боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкканы белгилүү болгон.

Cүрөттө: КЛДП лидерлери Эльдар Абакиров, Сейтек Качкынбаев жана Жанар Акаев.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты