Кытай коронавирусту аныктоо үчүн тест реагенттерин берди

  • 4 года мурун

Кытай өкмөтү Кыргызстанга COVID-19 вирусун ыкчам аныктоо үчүн 21 000 даана SARS CoV-2 Antibody test реагентин берди.

Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу жана жайылышын болтурбоо боюнча республикалык штаб билдирди.

Тапшыруу иш-чарасы КР саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун, Кытай элчиси Ду Дэвэндин жана КР ТИМ экинчи саясий департаментинин директору Төлөндү Макеевдин катышуусунда өттү.

Экспресс-тесттер 20 мүнөттүн ичинде коронавирусту аныктап, вирустун жайылуусунун алдын алууга мүмкүндүк берет.

Дартты аныктоодо серологиялык реакция оң чыкса, милдеттүү түрдө ПЧР-анализ (Полимераздык чынжырдуу реакция) жүргүзүлөт.

Экспресс-тест Кытай, Түштүк Кореяда жана башка мамлекеттердеги жаңы коронавирусту аныктоодо жакшы жыйынтыктарды көрсөткөн.

Кыргызстанда 2-апрелге карата коронавируска чалдыккан 5 жаӊы учур катталып, жалпы саны 116 га жетти.

Сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты