​Бекер интернет берилет деген маалымат чындыкка дал келбейт (Фактчекинг)

WhatsApp мессенджери аркылуу карантин учурунда 100 гигабайтка чейин бекер интернет берилип жатканы тууралуу маалымат тарап жатат. ПолитКлиника бул маалыматтарды текшерип көрдү.

Маалыматтагы шилтемеге кирип көрсөк, “Куттуктайбыз! World Karantine Reason үчүн Сиз 30 же 60 күнгө, 50 гигабайттан 100 гибабайтка чейин бекер интернет утуп алуу мүмкүнчүлүгү барлардын катарына кирдиңиз . Бардык өлкөлөр үчүн 257 интернет-пакет жеткиликтүү” деп жазылган:

Шилтемеге киргенде система телефон номерди сурайт, номерди жазгандан кийин:

“Куттуктайбыз, сиз өзүңүздүн операторуңуздан 100 гигабайт утуп алдыңыз. Гигабайттарды ишке киргизүү үчүн бул шилтемени 12 киши менен бөлүшүү керек” деген маалымат чыгат.

12 эмес, андан көп адамга жиберсеңиз дагы сизге бекер Интернет берилбейт.

Анткени, бул жалган маалымат экенин Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маалымат катчысы Тимур Алхожоев билдирди:

“Бул маалымат фейк. Бизде акысыз 100 Гб берүү акциясы өткөрүлгөн жок. Бирок азыркы абалда фейк маалыматтар көп болуп жатат. Жарандар мындай шилтемелерге ишенүүдөн мурун текшерүүсү зарыл”, — деди Тимур Алхожоев.

“Мегаком” уюлдук операторунун маалымат бөлүмүнүн башчысы Жумгалбек Өмүрканов мындай маалыматтар шылуундардын капканы болушу мүмкүн экенин эскертет.

“Абоненттер мындай шектүү шилтемелерге кирбөөсүн сунуш беребиз, алар сиздердин жеке маалыматтарыңыздарды сактап алып, башка максатта колдонушу мүмкүн, же балансыңыздагы акчаңыздан алып коюшу мүмкүн. Мисалы, “Мегаком” эч кандай акция уюштурган жок, биз уюштурсак дагы, башка операторлор уюштурса дагы расмий сайттарда кабар берилет. Ошол расмий сайттарга кирип ушундай маалымат бар же жогун текшериңиз, эгерде андай маалыматты таппасаңыз, анда сиз шылуундардын торуна илинген болосуз”, — дейт Өмүрканов.

Эмне үчүн бул маалыматка ишенүүгө болбойт?

  • Биринчиден, маалыматтын булагы белгисиз. Ким ойнотуп жатканы дагы белгисиз.
  • Экинчиден, шилтеме активдүү эмес. Кайсы сайт экени көрүнбөйт.
  • Үчүнчүдөн, көп грамматикалык каталар кетирилген. Мисалы, англис тилинде карантин сөзү “Karantine” эмес, “Quarantine” деп жазылат.

Жыйынтык — бул маалымат калп.

Кайсы бир маалыматты мессенджерлерден таратуудан мурда төмөнкүлөргө көңул буруңуз:

  • Бул билдирүүнү айтып жаткан булак көрсөтүлгөнбү? Мисалы, адамдын аты-жөнү, ээлеген кызматы, же мамлекеттик мекеменин аты ж.б.
  • Ар бир маалыматка дароо ишенбей, сын көз караш менен караңыз.
  • Маалыматтарды расмий булактардан тактаңыз! Азыркы учурда коронавирус боюнча таратылган маалыматтардын чын төгүнүн билүү үчүн COVID-19: Республикалык штабынын 112 түз линия аркылуу тактоого болот.
  • Сиз чын-төгүнүн билгиңиз келген маалыматтарды биздин Фейсбуктагы Полит Клиника баракчабызга, же +996773778957 WhatsApp номерине жөнөтсөңүз, биз текшерип, жарыялайбыз.

Коронавирус тууралуу фейктерден кантип сактанабыз? Кыргызстандагы башкы фактчекерден кеңештерди окуп коюңуз.

ПолитКлиника медиа

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты