​Пакистанда үч кыргызстандык коронавирус жугузду

  • 4 года мурун

Пакистандын Абботабад шаарында Кыргыз Республикасынын үч жараны Covid-19 коронавирусун жуктуруп алганы аныкталды.

Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти билдирди.

Алдын ала маалыматка ылайык, бул жарандар башка алты кыргызстандык, ошондой эле бир РФ жараны менен кошо Хайбер Пахтунхва провинциясынын Абботабад шаарында даават кылып жүрүшкөн.

Азыркы учурда ооругандардын бирөө ооруканага жаткырылды, анын жанында үй-бүлөсүнүн мүчөсү бар (анда да дагы коронавирус аныкталган). Үчүнчү жаран карантиндик аймакта дарыгерлердин көзөмөлүндө. Бардыгынын абалы туруктуу деп бааланууда.

Жогоруда көрсөтүлгөн жарандар Кыргызстандын Исламабаддагы элчилигинде консулдук каттоого турган эмес, мекемеге жардам сурап өз алдынча кайрылган эмес.

Элчилик Пакистандын медицина мекемелери, ошондой эле укук коргоо органдары менен дайыма байланышып турууда.

Дүйнөдө коронавирус жкгузгандардын саны 939 436 га жетти. Пакистанда 2291 киши коронавируска чалдыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты