Бишкекте өткөрмө кагазы үчүн пара талап кылууга шектүү милиция кармалды

  • 4 года мурун

Бишкекте милиция кызматкери өзгөчө абал учурунда өткөрмө кагазын мыйзамсыз жазып берүүгө шектүү катары камакка алынды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирди.

Мыйзамсыз өткөрмө кагаз берүүгө шектелген — Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери У. К. . Ал жеке компания өкүлүнөн санитардык жана блок посттордон өтүүгө уруксат берүүчү өткөрмө жазуу үчүн пара талап кылган деп айтылат.

Сотко чейинки өндүрүш жазык кодексинин «Пара талап кылуу», 326 -беренеси менен козголду. Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Бул фактыны Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев да 2-апрелде маалымат жыйынында тастыктады. Орозалиев өзгөчө абал учурунда ары-бери жүрүүгө уруксат берүүчү өткөрмө кагаздар электрондук түрүндө бериле баштаганын кошумчалады.

Бишкек шаарында 17 миңден ашык киши өтүүгө уруксат кагазын сурап кайрылгандыгын да комендант билдирди.

Өзгөчө абал режимин камсыз кылууда ишке тартылган мекемелер менен уюмдардын унаа каражаттарына электрондук ураксат кагаздарын алуу үчүн онлайн система ишке кирди. Анын шарттары бул шилтемеде.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты