Трамп: COVID-19дан 100 миңден 250 миңге чейин америкалык каза табышы мүмкүн

  • 4 года мурун

Коронавирус пандемиясынан улам Кошмо Штаттарда 100 миңден 200 миңге чейин киши өлүшү мүмкүн. Өкмөттүк эксперттердин мындай божомолун шейшембиде Дональд Трамптын Акүйү таратты.

Талдоо массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салуу, мектептерди жана көптөгөн фирмаларды жабуу чараларын эске алуу менен даярдалган.

Трамптын администрациясы буга чейин ишенимдүү статистикалык маалыматтардын жетишсиздигинен улам мындай билдирүү жасоодон баш тартып келген. Адисттер вирус жуктургандардын саны көбөйө турганын белгилешүүдө.

Шейшемби күнү кечинде АКШда коронавирус жуктурган адамдардын саны 174 миңден ашып, 3433 киши көз жумду. Дональд Трамп брифинг учурунда: «Алдыда азаптуу дагы эки апта бар» деген. Ал карантин чараларына баш ийүү зарыл экенин билдирип, өзгөчө кырдаал режимин дагы бир айга узарткан.

Америкалык басылмалар милдеттүү түрдө беткап кийүү зарылдыгы боюнча Ак үйдө талкуу жүрүп жатканын жазышууда. Азырынча адистер дени сак адамдар үчүн беткаптын кереги жок экенин айтышууда. Ошол эле маалда айрым кишилерде коронавирустун белгилери байкалбай турганы жөнүндө да маалыматтар бар.

1-апрелге карата дүйнөдө 871 миңден ашуун киши коронавируска чалдыгышты.43 291 киши тапты.

Сүрөт: AFP.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты