Түптө үй карантин эрежесин сактабагандар обсервацияга алынды

  • 4 года мурун

Түп районунун Ысык-Көл айылынын чет өлкөдөн кайтып келген 8 тургуну милдеттүү түрдө обсервацияга алынды.

Алар үй карантиндин шарттарын бузгандыгы үчүн коронавирустун жайылышын болтурбоо максатында облустук ыкчам штабынын чечими менен жалпы айылдыктар изоляцияга алынды.

Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу жана жайылуусуна каршы күрөшүү республикалык штабынан билдиришти.

Кыргызстанда бардыгы болуп республика боюнча 107 тастыкталган учур бар. 31-мартта 13 жа-ы учур аныкталган.

Сүрөт: Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты