Өкмөт калкты колдоо жана азык-түлүк коопсуздугу иш-чаралар планын бекитти

Өкмөттө төмөнкү чечимдер кабыл алынды:

— ири өндүрүүчүлөргө, азык-түлүк ташуучуларга, ири соода түйүндөрүнүн кожоюндарына социалдык маанидеги айыл чарба продукцияларын жана азык-түлүктүн жетиштүү запасын, алардын сатылышын жана туруктуу наркын камсыздоону сунуш кылуу;

— мамлекеттик резервге күнүмдүк керектелүүчү азыктарды топтоо;

— социалдык маанидеги товарлардын, дары-дармек, медициналык каражаттардын импорту үзгүлтүксүз өтүшү үчүн транзиттик жүк ташуу боюнча «жашыл коридорду» камсыз кылуу механизмин

ЕАЭБдеги өнөктөштөр менен уюштуруу жана макулдашуу;

— азык-түлүк түрүндө аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө даректүү жардам берүү.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тигил же бул азыктын жана дары-дармектин жоктугу боюнча тынчсызданууга негиз жок экенин билдирди.

«Чек аралар ачык, жүк жана товар адаттагыдай тартипте ташылууда. Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 10 миң тонна ун бөлүү тууралуу чечим кабыл алынды, анын 5 миң тоннасы калктын аярлуу катмарын колдоого багытталат. Муну менен катар жакынкы күндөрү Өкмөт бизнес-коомчулук жана ыктыярчылар менен бирге турмуштук оор кырдаалга туш болгон жарандарга даректүү жардам берүү боюнча масштабдуу жумуштарды жайылта баштайт» деди өкмөт башчы.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты