​Коменданттык саат: Бишкекте тартип бузгандар көбөйүп жатат

  • 4 года мурун

Өткөн суткада саат 20:00дөн 7:00гө чейин Бишкекте 137 тартип бузган жаран кармалды.

Алар 18 аял, 116 эркек, анын ичинде 3 өспүрүм. Коменданттык саат киргизилгенден бери жалпы 876 адам кармалган

Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

Коменданттык сааттын тартибин бузгандар Бишкекте көбөйүп бараткандыгы байкалат. Бишкекте 29-мартта тартип бузгандардын саны 119 болгон, 30-мартта — 122, 31-мартта 137 ге жетти.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

30-мартта Кыргызстанда коронавирус жуктуруунун 10 жаӊы учуру аныкталды.

Алар — Жалал-Абад облусунун Сузак районунан. Өлкө боюнча коронавирус жугузгандардын саны 94 болду.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты