Пандемиядан улам мунай баасы дагы төмөндөдү

  • 4 года мурун

Коронавирус пандемиясына байланыштуу мунайдын дүйнөлүк баасы төмөндөө үстүндө.

WTI үлгүсүндөгү бензиндин бир баррелинин баасы 2002-жылдан бери алгачкы жолу 20 долларга чейин төмөндөдү. Brent мунайы 23 доллардан ашыгыраак баада сатылууда.

Айдын башынан бери дүйнөдө чийки заттын баасы болжол менен 50 пайызга төмөндөдү. Мунайдын арзандашына Орусия сырье өндүрүү көлөмүн азайтуу боюнча ОПЕК менен келишим түзүүдөн баш тарткандыгы себеп болгон.

Сауд Арабиясы COVID-19 пандемиясына байланыштуу экономиканы колдоо үчүн мунай өндүрүшүн азайтууну сунуштаган.

Орусия менен ОПЕК мунасага келе албай, бул арада коронавирус жайылып жаткандыктан АКШда мунайга болгон суроо талап кескин төмөндөдү. Буга байланыштуу өндүрүүчүлөр мунайды сактоо жайларынан алып кеткен керектөөчүлөргө бир баррель үчүн 19 центтен кошуп төлөп берип жатышат.

11-мартта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Сүрөттө: epa.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты