Кыргызстанда коронавирус жуктургандар менен байланышкандар 7 миңден ашык киши

  • 4 года мурун

«Биз жарандарды үйдө болууга, өтө зарыл болбосо сыртка чыкпоого чакырабыз. Турмуш көрсөткөндөй, бир киши ооруса үй-бүлөсүндөгү үч киши коронавирусту жуктуруп алышы мүмкүн» деди саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев маалымат жыйынында.

Кыргызстанда акыркы күндөрү COVID-19 вирусу чет мамлекеттен келгендерден эмес, өлкө ичинде биринен-бирине жугуп жатат.

Бул тууралуу 30-мартта Бишкектеги басма сөз жыйынында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

«Турмуш көрсөткөндөй, бир киши ооруса үй-бүлөсүндөгү үч киши коронавирусту жуктуруп алышы мүмкүн» деди саламаттык сактоо министри.

Буга чейин негизинен Сауд Арабиясына кичи ажылыкка баргандар, ошондой эле Франциядан келген бирөө ооруну өлкө сыртынан жугузуп алганы аныкталган.

Бирок акыркы убакта өлкөдө илдетти бири-биринен жуктургандар катталууда.

Кыргызстанда жалпы тастыкталган учурлардын саны – 94.

Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда – 50, Ош облусунда – 24, Чүй облусунда – 3, Баткен облусунда – 1, Ош ш. – 8, Бишкек ш. – 7, Нарын облусунда – 1 учур.

Коронавирусу аныкталган бейтаптардын ичинен: аялдар – 53 , эркектер – 41 учур.

Өлкөдө лабораториялык изилдөөлөрдү 9 вирустук лаборатория 13 ПЦР менен ишке ашырат.

Экспресс-ыкма менен лабораториялык изилдөөлөрдөн 5380 киши өткөн, анын ичинен 45инен вирус чыккан, ПЦР изилдөө боюнча 13682 кишиден анализ алынып, 94 кшиден вирус табылган.

Кыргызстанда СOVID-19 инфекциясын жуктургандар менен байланышкандардын саны 7307 кишини түздү.

Алар алардын ичинен жакындары жана үй-бүлөсү – 2085, башка байланыштары – 5222 киши. Өлкө боюнча 1459 киши обсервацияда жатат.

30-мартта COVID-19 вирусун жуктуруунун 10 жаӊы учуру аныкталды. Булардын баары Жалал-Абад облусунун Сузак районунда табылды. Аныкталган учурлардын жалпы саны 94 кө жетти.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты