​“Коронавирус” деген аталыш Трамптын коронасына да, Куран китепке да байланышы жок (Фактчекинг)

Учурда COVID–19 пандемиясы күчөп аткан учурда жалган маалыматтар өтө көп болуп, социалдык тармактарда, мессенджерлерде ыкчам тарап жатат. Анын ичинде корона вирустун аталышын айрым маалыматтарда Трамптын короналарына байланыштырышса, айрымдарында Ыйык куран китебине байланыштырышууда. ПолитКлиника медиасы бул маалыматтарды текшерип көрдү.

Россиянын Биринчи каналынын “Время” берүүсүнүн алып баруучусу Кирил Клейменов “Сөздүн келип чыгышынан вирустун келип чыгышы белгилүү болот. Карап көрүңүз, ал коронавирус деп аталат. “Коронавирус” деген сөздү алалы. Ал сөздүн башында турат. Жообу дагы ушул жерде. Дүйнөлүк аренадагы Кытайдын башкы атаандаш өлкөсүнүн президенти Дональд Трамп буга чейин эмне менен алектенди эле? Туура! Короналарды таратчу. Өзүнүн белгилүү сулуулук конкурсунда. Коронавирустун келип чыгышы, негизги анын максаты жана милдети так белгилүү болуп калды”, — деп айтат.

Социалдык тармактарда Биринчи каналды катуу сынга алып жатышат.

Мындан сырткары, коронавирустун келип чыгышы боюнча дагы бир версия айтылып келет. Коронавирус жаңы гана Кытайда пайда болгондо, Куран менен байланыштурган маалыматтар чыга баштаган. Курандын орусчасы Коран.

“Коронавирус — кытайлыктар өздөрү күнөлүү. Алар куран тууралуу баардык китеперди чогултуп, өрттөп жатышты эле. Мына алардын жазасы. А силер коронавирус деген аталыш кайдан келгенине кызыгып көрдүңөр беле? Куран арабча Коран деп жазылат, ага вирусту кошуп койгула. Анан корановирус келип чыгат. Аллах аларды жазалап жатат” деген маалыматтар социалдык тармактарда, мессенджерлерде айтылып жаткан.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, вирустун аталышы алардын генетикалык түзүлүшүнө негизделген, бул диагностикалык тесттердин, вакциналардын жана дары-дармектердин иштелип чыгуусун жөнөкөйлөтөт. Бул ишти вирусологдор жана илимий коомдун башка мүчөлөрү жүргүзүшөт, андыктан Вирустардын Эл аралык Таксономиясы Комитети вирустарга аттарды берет.

Вирустардын Эл аралык Таксономиясы Комитетинин маалыматы боюнча, Коронавирус (латынча Coronaviridae) — вирустардын үй-бүлөсү. Анын бөлүкчөлөрү күндүн коронасына окшошуп тургандыктан ага коронавирус деген ат берилген.

Жыйынтык: Коронавирустун аталышы, Трамптын короналарына дагы, куранга дагы тиешеси жок.

ПолитКлиника

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты