​Ыкчам штаб: Социалдык изоляция талабын аткарыш керек

  • 4 года мурун

Республикалык штаб кыргызстандыктарды социалдык изоляцияга жана жакындары менен туугандары үчүн жоопкерчиликтүү болууга чакырат.

Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын жыйынында эскертип айтып кетти.

«Бардык чектөөлөрдү аткаруу кажет. Биз баштагыдай эркин сүйлөшүп, ар түрдүү жерлерге каалагандай барып жүрө албайбыз. Учурда социалдык изоляция жана үй карантини маанилүү” деди ал.

Биринчи вице-премьер-министр белгилегендей, коронавируска каршы күрөшүү үчүн мамлекеттин күчү жетет, бирок бардык сунуштамаларды жана чектөөлөрдү, тартипти сактап, жоопкерчиликтүү болуу керек.

Жыйында белгиленгендей, шаарда күндүзгү күзөт күчөтүлдү. Үй карантинин сактоо жана коронавирустун жайылуусуна байланыштуу башка маселелерди кармануу боюнча киргизилген чектөөлөрдү бузган жарандардын жоопкерчилик чаралары каралат.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 30-мартка карата коронавирус инфекциясын жаңы жуктурган 10 учур аныкталды.

Алардын бардыгы Жалал-Абад облусунан чыккан. Жалпысынан өлкө боюнча 94 учур катталган.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты