​Үч бейтаптын абалы оор

  • 4 года мурун

29-мартка карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктургандардын үчөөнүн абалы оор, алар — реанимацияда. Эки бейтап — Өзгөн районунда, бирөө — Сузак районунда экенин саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов маалымат жыйынында билдирди.

Өлкө боюнча обсервацияда жаткан жарандардын саны – 4886. Үй карантинде көзөмөлдөнүп жаткандардын саны 3338 экендиги айтылды.

29-мартта саат 12:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктурган 26 жаӊы учур катталды. Бардыгы 84 болду.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Дүйнөдө 29-мартта (саат 10:45 жергиликтүү убакыт) коронавируска чалдыккан 664 695 учур катталды. Каза тапкандардын саны 30 847 ге жетти. Айыккандардын саны 140 156 болду.

Сүрөттө: 102, 103-кызматтары. Республикалык штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты