​Чет элдиктер 1-майга чейин кете алышат

  • 4 года мурун

Кыргыз Республикасынын аймагында виза менен жана визасыз тартипте жүргөн чет элдик жарандар, ошондой эле жарандыгы жоктор 1-майга чейин чыгуу визаларын тариздебестен жана келген жеринде каттоосуз кете алышат.

Бул боюнча өкмөт тиешелүү буйрук кабыл алды.

Чет элдик жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга «жашыл коридор» ачуунун себеби чет мамлекеттерде бир катар чектөө чараларынын киргизилишине, ошондой эле COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылуусунун күч алышынан улам ар кыл өлкөлөр менен аба каттамдарынын убактылуу токтотулушуна байланыштуу чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кете албай кыйынчылыктар болду.

Эми бул маселе чечилди. Чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар визасы жок, визасыз режим мөөнөтү аяктаган же каттоодо туруу мөөнөтү (жок болсо) бүткөн шартта да Кыргыз Республикасынын аймагында боло алышат жана 1-майга чейин андан тышкары тоскоолдуксуз чыгып кете алышат.

Коронавирустун дүйнөдө жайылышынан улам Кыргызстанда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Кара Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал киргизилген.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты