​Мамбетов: “Ала-Букада каза тапкан кишиден коронавирус табылган эмес ”

  • 4 года мурун

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Касымбек Мамбетов Ала-Букада кайтыш болгон 82 жаштагы жарандын өлүмү коронавируска байланыштуу эмес экенин маалымат жыйынында билдирди.

Ала-Букадан бир киши коронавирустан кайтыш болгон деп сөз болуп жатат, андай эмес. Ал киши чет мамлекеттен келген. Коронавирус боюнча алгоритмге жараша алдын-алып, биз 17-март күнү ал кишини Ала-Букадагы обсервацияга жайгаштырганбыз.

Анын жашына байланыштуу, 82 жашта, андан тышкары мурдагы дарттары бар экен, 17-мартта жаткырып, 19-мартта ПЦР-анализи Ошко жөнөтүлгөн, 20-мартта жообу чыккан, жыйынытыгында андан коронавирус табылган эмес.

Бирок ошого карабастан, 23-мартта эски дарттары козголгонуна байланыштуу, абалы оорлошуп кеткенине карап, Жалал-Абаддан жана Бишкектен бригада жөнөткөнбүз.

Алар консилиум жасап, дарылап, аракет жасашты. Бирок, тилекке каршы ал киши түндө дүйнөдөн кайтты. Биз терең көңүл айтабыз жакындарына. Бул кишинин кайтыш болушунун коронавируска эч кандай байланышы жок. Ал кишинин анализи да, диагнозу да турат, . диагнозу-пневмония, кардиосклероз, кан басымы жогору, расмий түрдө бизде маалымат бар,-деп билдирди Касымбек Мамбетов.

28-мартта саат 14:00гө карата Кыргызстанда коронавирус инфекциясын жуктуруунун жаӊы учурлары катталган жок. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирусун жуктурган 58 учуру аныкталган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты