Коронавируска каршы күрөшүү боюнча административдик эсепке 49,5 млн сом түштү

  • 4 года мурун

27-мартка (саат 17.00) карата, Кыргызстандын аймагындагы коронавируска каршы күрөшүү боюнча иш-чаралар үчүн түшкөн ыктыярдуу төгүмдөрдү жана кайтарымсыз акча каражаттарын чегерүү үчүн ачылган административдик эсепке жалпысынан 49 млн 520 миң 447 сом акча түштү.

Ачылган эсептер:

1) Финансы министрлигинин борбордук казыналыгында ачылган № 4402011000101373 «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги – коронавирус боюнча иш-чаралар», БИК 440001 администрацияланган эсеби;

2) «РСК Банк» ААК

№ 1299004130020044 «COVID-19 менен күрөшүүнү колдоого акча каражаттарын чогултуу үчүн Кыргыз Республикасынын Борбордук казыналыгынын эсеби (сом менен)» эсептешүү эсеби, БИК 129001;

3) «Айыл Банк» ААК

№ 1352119927702865 «Ыктыярдуу төлөмдөр үчүн бирдиктүү эсеп (COVID) (сом менен)» эсептешүү эсеби, БИК 135001.

Акча каражаттарын чегерүү үчүн «14 511 100 – Мамлекеттин пайдасына алынган кирешелер» элементинин кодун пайдалануу зарыл.

Бул тууралуу коронавирустун алдын-алуу жана жайылыышына каршы күрөшүү штабы билдирди.

24-мартка карата кимдер жана кайсы уюмдар каражат которгону бул шилтемеде.

Ал эми 24- мартка карата жеке адамдардан түшкөн каражаттар булар экен:

Алмамбет Шыкмаматов- 10 миң сом;

Самсалы Четинбаев-10 миң сом;

Өмүрбек Бабанов- 3 млн сом;

Марлен Маматалиев-500 миң сом;

Макибаев М.С. 2 миң сом;

Чынара Жаныкеева- 1 миң сом;

Асел Асанбекова -1 миң сом;

Исхак Масалиев- 60 миң сом ж.б.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты