​АКШда коронавируска чалдыккандардын саны 100 миңден ашты

  • 4 года мурун

Коронавирус инфекциясын жугузгандардын саны боюнча АКШ дүйнөдө биринчи орунга чыкты. 28-мартта АКШда бул дартка 104 463 киши чалдыкты.

Дүйнөдө 28-мартта (саат 9:30 жергиликтүү убакыт) коронавируска чалдыккан 531 860 учур катталды. Каза тапкандардын саны 24 057 ге жетти. Айыккандардын саны 122 203 болду.

Бул тууралуу окумуштуулардын онлайн-картасында көрсөтүлдү.

Дүйнөдө коронавирустан каза болгондордун саны 27 360 ка жетти.

Каза тапкандардын саны боюнча Италия алдыга чыкты, каза тапкандар 9134 болду. Андан кийин Испания — 5138, Кытайда- 3177.

Айыккандардын саны боюнча Кытай алдыда-62 098 учур, андан кийин Иран -11 133, Италияда 10 950 учур.

Ооругандардын санынын көбү боюнча АКШ алдыга чыкты -104 463, Италия -86 498 , Испанияда – 65 719, Германияда – 50 871, Франция 33 414, Иранда 32 332, Улуу Британия 14 751 ж.б. катталган.

Ошондой эле Россияда – 1036, Казакстанда –150, Өзбекстанда – 88, Кыргызстанда – 58 учур аныкталды.

Коронавирус дүйнөнүн 177 өлкөсүн каптады.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус пандемия мүнөзүнө өттү деп жарыялады.

Cүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты