Дезинфекциядан кийин көгүчкөндөр өлүп жатабы? Бул Бишкекте эмес, Алматадагы окуя (Фактчекинг)

Фейсбук социалдык тармагында Алена Смирнова аттуу кыргызстандык колдонуучу паркта өлүп жаткан көгүчкөндөрдүн сүрөтүн жүктөп, бул сүрөттүн Бишкекте же Алматада тартылганын тактап берүү үчүн журналисттерге кайрылган.

Биз бул маалыматты бир канча ыкма менен тактап көрдүк.

Адегенде Алена Смирнова бул сүрөттү Оксана Бондарь аттуу Фейсбук колдонуучудан бөлүшкөнүн көрүүгө болот. Оксана Бондардын профилиндеги маалыматтан ал Казакстандык экенин билдик. Оксана Бондарь “28 панфиловчу” паркында дезинфекция жасашкан экен… Видеосун көрүү такыр мүмкүн эмес” деп жазган.

Андан башка Ерканат Турсынжан уулу деген колдонуучу ушул эле көрүнүштүн видеосун жүктөгөн.

Мындай аталыштагы парк Алмата шаарында бар. Бишкекте буга аты окшош Панфилов паркы бар, бирок “28 панфиловчу” паркы деп аталбайт.

Андан кийин бул сүрөттү Google’га жүктөп издеп көргөнүбүздө эч кандай жыйынтык берген жок.

Издөөнү Google’дагы кеңейтилген издөө инструменти аркылуу “негизги сөз” деген жерге “көгүчкөндөр” деп жаздык “өлкө” деген жерге “Казакстан” деп көрсөттүк. Издөөнүн жыйынтыгында казакстандык бир канча маалымат булактардан Алмата шаарындагы “28 панфиловчу” паркында көгүчкөндөр өлүп калганы тууралуу жаңылыктар чыкты.

Казакстандын токой чарба жана жаныбарлар дүйнөсү комитетинин маалымат катчысы Сакен Дилдахмет бул факты боюнча түзүлгөн атайын комиссия аталган парктын 100 чарчы метр тегерегинен 30 көгүчкөн өлгөнүн аныктаган жана аны изилдөө үчүн алып кеткенин Sputnik Казакстан маалымат булагына билдирген.

Ошол эле маалымат булакта көгүчкөндөр уулануудан өлүшү мүмкүн, бирок акыркы жыйынтыкты иликтөөнүн жыйынтыгы чыгарары айтылган.

Ушул эле маалыматты Сакен Дилдахмет Фейсбуктагы баракчасына дагы жазып чыккан.

Казакстандын башка жаңылыктарынан 25-март күнү Алмата шаарында коронавируска каршы дезинфекция жүргүзүлгөнүн көрүүгө болот.

Дезинфекциялык каражаттар атайын өзгөчөлүктөргөө ээ экени, бирок анын зыяны жок экени айтылган.

Дезинфекция үчүн Казакстанда “Рубеж” аттуу кошулма колдонулганы маалыматтарда жазылган.

Кыргызстандын борбору Бишкекте дагы эки күндөн бери (26-27-март) дезинфекция иштери жургүзүлүп жатат.

Бишкектин дезинфекция жүргүзүлгөн бөлүгү

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун профилактикалык дезинфекциялоо бөлүмүнүн башчысы Гүлзат Алайбекова Бишкек шаарынын көчөлөрү хлор кошулган суюктук менен тазаланып жатканын ПолитКлиника медиасына билдирди. “Тазалык” хлор менен эле тазалап атат. 10 литр сууга 100 грамм кальцийдин гипохлорити кошулган – бул адамга, өсүмдүктөр менен бак-дарактарга зыяны жок”, — деди Алайбекова.

Ошону менен катар эле Алайбекова “Рубеж” аттуу суюктук Кыргызстанда колдонулбаганын айтып өттү.

Жыйынтык: Көгүчкөндөр Бишкекте өлгөн эмес. Бирок Алматада өлгөнү чын. Бул дезинфекциядан кийин ууланып өлгөнбү атайын комиссиянын жыйынтыгы чыкканда билинет.

ПолитКлиника медиа

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты