​Коронавирус пандемиясы экономиканы начарлатты

  • 4 года мурун

Коронавирус пандемиясы экономикалык көрсөткүчтөрдү начарлатканын финансы министри Бактыгүл Жеенбаева маалымат жыйынында билдирди.

“Барыбыз түшүнүп тургандай, пандемиянын чыгышы Кыргызстандын макро жана микроэкономикалык келечегин начарлатып, болжол менен 400 млн АКШ доллары деп бааланган төлөм балансындагы айырмачылыкты көрсөттү” дедеи финансы министри Бактыгүл Жеенбаева.

Ошондой эле финансы министри айлык акы, пенсия, жөлөкпул өз убагында төлөнөөрүн кошумчалады.

“Ушул тапта Кыргызстандын өкмөтү эмгек акы, жөлөкпул ү жана бюджеттин чыгашаларын каржылоону өз убагында жүргүзүүдө. Мындан ары да биз бул милдеттенмелерди аткарууга бардык күчүбүздү жумшайбыз” деп айтты.

27- мартта Кыргызстанда коронавирус жуктуруунун 14 жаӊы учуру катталды.

Коронавирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек жана Ош шаарларында, Ноокат, Кара Суу райондорунда, Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Сүрөт: республикалык штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты