​​Путин «Чоң жыйырма» саммитинде санкциялардан баш тартууну сунуштады

  • 4 года мурун

Бейшемби күнү видеоконференция форматында өткөн «Чоң жыйырма» саммитинде Орусиянын президенти Владимир Путин медикамент, азыктүлүк, жабдуу жана технологиянды жеткирүү үчүн эл аралык санкциялардан баш тартууну сунуштады.

«Чынында биз өтө зарыл товарларга жана аларды сатып алуудагы финансылык транзакцияларга карата киргизилген чектөөлөргө тилектештик мораторийин киргизишибиз керек» деди Путин.

Орусияда — 2014-жылдан бери контрсанкциялар күчүндө. Аларга ылайык, Крымдын аннексиясына жана Донбасстагы куралдуу жаңжалга байланыштуу Москвага каршы санкция киргизген өлкөлөрдөн азык-түлүк сатып алууга тыюу салынган.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Путин менен Франциянын президенти Эммануэль Макрондун ортосундагы эки тараптуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө санкциялар жөнүндө сөз болгон жок.

Буга чейин Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусия пандемияны пайдаланып, ЕБ өлкөлөрүн санкцияларды жеңилдетүүгө же толугу менен жоюуга көндүрүшү мүмкүн деген кооптонуусун билдирген.

«Видеосаммиттин» жыйынтыгы менен «Чоң жыйырмага» мүчө өлкөлөрдүн биргелешкен билдирүүсү кабыл алынды. Анда G20 мамлекеттери пандемиядан улам жаралган каатчылык менен күрөшүүгө беш триллион доллар бөлүүгө даяр экендиги жазылган. Мындан тышкары өлкөлөр коронавирус инфекциясына каршы эмдөө каражатын издөө боюнча кызматташууну убадалашты.

Акыркы маалыматтар боюнча дүйнөдө 532 миңге жакын адам коронавирус жуктуруп алса, каза болгондордун саны 24 миңден ашты.

Сүрөттө: Путин видеоконференция учурунда

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты