​Аэропортто кыргызстандыктар кайта албай турат

Москва шаарынын аэропортторунда авиакаттамдарды күткөн кыргызстандык жарандар чогулуп турат.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат департаменти буларды билдирди:

— 25-мартта жокко чыгарылган каттамдарга билет алган жарандар менен жолугуу үчүн элчиликтин алдындагы штабдын мүчөлөрү “Шереметьево” аэропортуна барышты. Кезектеги жолугушуу Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын лидер, активисттери менен бирге ишке ашырылды.

Аэропортто 25-мартта саат 19.00 карата КР 78 жараны, ошондой эле транзиттик аймакта Нью-Йорктон (3), Орегонадан (1), Лондондон (1), Минск шаарынан (1), Мальдивадан (2), ошондой эле Москвадан (6), жалпысынан 14 жаран жайгашкан.

Штабдын мүчөлөрү коронавирус инфекциясына байланыштуу Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаал киргизилиши менен рейстердин болбой калышына байланыштуу белгисиз бир себептер менен аэропорттун аймагында калууга болбой тургандыгын чогулгандарга айтышты.

Айтылган түшүндүрмө иштеринен кийин көпчүлүк жарандар Москвадагы убактылуу үйлөрүнө кайтышкан.

Мындан сырткары, аэропорттун транзиттик аймагында калган жарандар менен маектешип, азыркы кырдаал түшүндүрүлүп, жакынкы болоор каттам менен кетирүү тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле аларды тамак-аш менен камсыз кылышты.

Авиакаттамды күткөндөрдүн арасында буту ооруган жаранды элчилик ооруканага жаткыруу аракеттерин көрүүдө.

Ошондой эле Россия 27-марттан тартып, үзгүлтүксүз жана чартердик авиакаттамдардын баарын толугу менен жапкандыгын да маалымдап кетебиз.

Өз кезегинде КРнын РФдагы элчилигинин алдындагы штаб күчөтүлгөн режимде иш алып барууну улантууда, Москва шаарынан биздин мекендештер кеткен – «Домодедово», «Шереметьево» аэпропортторунда өз компетенциясынын чегинде россиялык өнөктөштөрү, авикомпания өкүлдөрү менен бирге тийиштүү бардык иштерди жүргүзүүдө, -деп айтылат маалыматта.

Жарандарды кабыл алуу токтотулбастан, кызматкерлер дежур болуп, күнү-түнү тез байланыш линиясы иштөөдө.

Кырдаалга байланыштуу кошумча маалымат алуу үчүн төмөндөгү телефондор аркылуу же электрондук даректерге: +499-237-48-82, 237-46-01, +495 237-44-52, +499-238-33-04 жана [email protected], ошондой элчинин блогуна: www.elchi.ru байланышсаңыздар болот деп билдирди ТИМ маалымат департаменти.

Тез байланыш телефону: +7 (925) 103-29-11.

Дүйнөдө 27-мартта (саат 9:55) коронавируска чалдыккан 531 860 учур катталды. Каза тапкандардын саны 24 057 ге жетти. Айыккандардын саны 122 203 болду.

Коронаирус коркунучуна байланыштуу 25-марттан тартып, Бишкек жана Ош шаарларында, Ноокат, Кара Суу райондорунда, Жалал-Абад шаарында жана Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты